Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:46
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган Кербен шаардык кеңешинин депутаты кармалды

08.07.2024 12:29
187
Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган Кербен шаардык кеңешинин депутаты кармалды


Массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган шаардык кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандык») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Н.Ж.К. кармалып, ал Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга, басып алууга чакырыктарды жарыялаган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн