Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бийликти кулатуу эмес, иштөөгө мажбурлоо маанилүү

14.05.2021 12:40
1738
Бийликти кулатуу эмес, иштөөгө мажбурлоо маанилүү

Революция дейбизби, же төңкөрүшпү, же бийликти күч менен кулатуубу, кандай атасак дагы мындай көрүнүштөр Кыргызстанда үч ирет кайталанды. 2005-жылдын 24-мартындагы «Жоогазын революциясы» жасалганда, элде «Эми Кыргызстанда жашоо таптакыр башкача болот» деген өтө чоң үмүт жаралды эле. Тилекке каршы, эл күткөндөй болгон жок. Мурдагыдай эле бийликте тургандар жек-жааттары, үзөңгүлөштөрү менен чогуу байып, ал эми карапайым элдин жашоосу мурдагы эле нугунда калды.


Арадан беш жыл өткөрүп, 2010-жылдын 7-апрелинде экинчи революция жасалды. «Мына эми чыныгы революция болду, эми үй-бүлөлүк, кландык башкаруу кыйрап, таптакыр башкача жашоо болот» деп күттүк. Бул жолу деле алданып калганыбызды кеч байкадык. Мамлекеттин тышкы карызы көбөйүп, жаңы олигархтар эле пайда болду.


2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы дагы бир жолу бийликтин мөөнөтүнөн мурда алмашуусуна жол ачты. Кырдаалдын мындай болуп кетерин күтпөгөн Жогорку Кеңештин депутаттары да адегенде дайынсыз болуп, бир жерге толук топтоло албай жүрүштү. Акырындык менен кырдал турукташа баштаганда, эстери чыккан депутаттардын жүрөктөрү ордуларына келип, жаңы бийликтин камчысын чабууга өттү. Мурда парламенттик башкарууну колдоп, «ушул жол абдан туура жол» деп жүргөндөр заматта позицияларын өзгөрттү. Саясий кырдаалга байланыштуу мамлекетибиздин эгемендүү тарыхында парламент биринчи ирет беш жылдык мөөнөтүнүн ордуна алтынчы жыл да иштеп койду. Октябрдагы бийлик алмашуудан президент жана бир нече министрлер, ведомство жетекчилери, мамлекеттик ишканалардын башчылары алмашканы эле болбосо, таптакыр жаңы кадрлар келди деп айтууга өтө кыйын. Мурдагы эле чиновниктердин орун алмашуулары болду. Анан албетте, мурда оппозицияда жүргөндөрдүн айрымдары кызматка барды.


Демек, бийликти күч менен алмаштыруудан өлкө утушка ээ болот экенби? Акыркы окуядан кийинки бийликтин ишмердүүлүгүнө так кесе баа берүүгө али эрте. Жаңы гана ыргакка түшүп, ишин баштап отурат. Бирок, ошого карабастан коомчулукта нааразычылык жарата турган жагдайлар да болуп кетти. Буга кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны жана жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолорду айтсак болот. Албетте, чек арадагы окуя кыргыз бийлиги үчүн да күтүүсүз окуя болду. Тажик тараптын агрессивдүү жол менен куралдуу кол салуусуна, провокациялык аракеттерине тилин тишине ката сабырдуулугун көрсөтүп, маселенин дипломатиялык жол менен гана чечилиши зарылдыгына басым жасап отурганы, келечекте бул окуяны эл аралык деңгээлде териштирүүдө утушка алып келе турган кадам болду десек жарашат.


Ал эми жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда болуп кеткен мыйзамсыздыктарды алдын алууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Себеби, өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына болгон нааразычылыктын арты эмне менен аяктаганы белгилүү эле да.


Ошентип азырынча үчүнчү революциядан кийин келген бийликтин ишмердүүлүгүнө толук кандуу баа бербей туралы. Ага чейинки эки революциянын таасирлери кандай болду? Ким утту? Эл да, мамлекет да утушка ээ болбогонун билип турабыз. Дагы ошондой бийлик алмаштырууну жасасак деле мамлекет да, эл да утпайт. Себеби кайра эле президент жана анча-мынча кадрлар алмашканы менен, баягы эле депутаттар, чиновниктер жаңы бийликтин камчысын чаап, заматта «терилерин» алмаштырып чыга келишет.


Бизге ошондой өзгөрүү зарылбы? Зарыл эмес. Андан көрө ушул бийликти камчылап иштете берүү көбүрөөк пайдалуу. «Кетсин!» деген лозунгду «Иштесин!» деген лозунгга алмаштыралы. Эл камчылап турса, талап коюп турса, бийлик да аны аткарууга мажбур боло турганын «Кемпир-Абад» суу сактагычына байланыштуу маселе көргөздү. «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу жагдай да азырынча элдин талабына шайкеш келип турат. Болгону аны аягына чейин көзөмөлгө алуу маанилүү. Ырас, азыркы бийлик элдин ишенимин актай тургандай чоң иш жасай элек. Бирок, аны жасоосуна убакыт берүү жана тынымсыз элдик көзөмөлгө алып туруу шарт. Бийликти алмаштырып коюу менен маселе чечилбейт экен, андан көрө иштөөгө мажбурлоо алдаканча натыйжалуу болуп турат.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн