Процесс бир ордунда токтоп турбастыгын, ал алдыга кетпесе, анда арканы көздөй кете турганын биз бүгүнкү күндө өлкөбүздүн үлкөн кызматтарында кимдер отурганынан эле билип атабыз. Улам бийлик алмашкан сайын жаңысына караганда мурункулары алдаканча билимдүү, интеллигент көрүнө турган болуп калды. Министрлик, ведомство жетекчилиги, төрагалыгы сыяктуу кызматтардын деңгээлин айыл башчылык кызматтын деңгээлине чейин сүйрөп түштүк. Жогорку Кеңештин депутаттары болсо ар отурумунда «Мыскыл жана тамаша» уюштуруп берип, зериктиришпейт. Жадакалса мамлекет башчысы кызматын да куудулдар, аферисттер, бандиттер, алдамчылар, «шоумендер» басып жыгылгысы келет.
Жашырганда эмне, бизде «бийликтен кетип түрмөгө, түрмөдөн чыгып бийликке» деген эле көрүнүш да болуп жатат. «Мен түрмөдө жатканда…» деп сүйлөө мактана турган сөз болду. Ошол нерсе менен саясий рейтингди көтөрүү, пиар жасоо аракеттери көнүмүш адатка айланды.
2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышам деп БШКга арыз тапшырган 63 адамдын 18и расмий түрдө аттанды. Алты миллиондон гана ашыгыраак калкы бар мамлекет үчүн 18 талапкер өзгөчө көптүк кылат. Калкынын саны 328 миллиондон ашкан Америка Кошмо Штаттарында дайыма эле эки гана талапкерден ашпайт. Ушул жагдайдын өзү биздин мамлекетте кадрдык кризис болуп жатканын далилдейт. Эч ким катардагы кызматкер болуп иштеп, тажрыйба топтоп, кызматтык тепкич менен карьера жасоону каалабайт. Дароо эле «түндүктөн түшө калууну» туура көрөт. Президенттик шайлоого расмий аттанган 18 талапкердин арасында мурда коррупциялык кылмыштарга шектелгендер, чет өлкөлөрдүн «тыңчылары» аталгандар, бийликти күч менен басып алууга айыпталгандар, «Гейт-дейт» дегендерди ойлоп тапкычтар, тили менен гана буудай кууругандар бар. Ырас, салмактуулары да жок эмес. Бирок, «ушул талапкер өлкөнү кынтыксыз оңдоп кете алат» деп көкүрөк толо ишеним арта турганы ачыгын айтканда жок болуп турат. Арсар ишеним менен, башкаларына караганда дурус эмеспи деген гана тандоо болушу мүмкүн.
5-6-октябрдагы тополоңдуу окуядан кийин өлкөбүздө бийлик алмашты. Ошондон кийин мамлекеттеги маанилүү, үлкөн кызматтарды кимдер ээледи? Жадакалса маданияттуу сүйлөй албагандар, өздөрүн социалдык түйүндөрдө тынымсыз жарнамалап, көчөдөн, үйдөн, тамак ичип жаткан жеринен эле видео, сүрөт жүктөй бергендердин көпчүлүгү кызматтарга келди. Мамлекеттик кызматта бир да күн иштебегендер министр болду. Билим, тажрыйба деген сапаттар эске алынбай калды. Анан көчөдө жүрүп эле министрлик креслого отуруп калгандар менен коңшулаш өлкөлөрдүн министрлери тең ата сүйлөшөбү? Тең ата сүйлөшүү болбосо маселе чечилеби?
Биз мындай баскынчылык көрүнүштөрдү чукул арада токтотуубуз зарыл. Президенттик шайлоодо ким жеңишке жетип, бийликти колуна алса, ал биринчи кезекте кадрдык саясатты оң жолго салуудан башташы керек. Мадырабаштарды, популисттерди адегенде катардагы кызматка алып, ал эми дасыккан тажрыйбалуу кадрларды жооптуу кызматтарга коюу зарыл. Ошону менен катар эле келечектин камы үчүн кадрларды өстүрүү, даярдоону да жөнгө салуу зарылчылыгы бар. Болбосо, бүгүнкү темп менен биз эч бир мамлекет теңине албаган, сыйлабаган, баркы жок эл, баркы жок мамлекет болуп калабыз.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн