Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Биз акчаны адабиятка караганда сагызга көбүрөөк коротуп турганда, өлкөбүз цивилизациялуу боло албайт

18.01.2024 13:33
177
Биз акчаны адабиятка караганда сагызга көбүрөөк коротуп турганда, өлкөбүз цивилизациялуу боло албайт


Адабият – бул өзүңдүн талантыңды таланты жок кишилерге далилдөөгө туура келген жумуш. 

(Жюль Ренар)


Жазуу искусствосу ойлонуу искусствосуна алып барат.

(Ален)


Модернизм – бул китепти түшүнүү турмушту түшүнүүгө караганда да кыйын болгону.

(Мейсон Кули)


Романтизм – бул гүлдөрдүн өзүнүн тамырына каршы козголоң чыгарганы.

(Станислав Бжозовский)


Адабият -- бул окурман жазуучу сыяктуу эле таланттуу болгону.

(Михаил Светлов)


Адабият – бул эч качан эскирбеген жаңылыктар.

(Эзра Паунд)


Журналистика менен адабияттын айырмасы эмнеде? Журналистиканы окуштун кереги жок, ал эми адабиятты болсо ансыз деле окушпайт.

(Оскар Уайльд)


Бир аз эле адабият жаратыш үчүн өтө көп окуя керек.

(Генри Джеймс)


Балдар үчүн чоңдорго жазгандай эле жазыш керек, андан да жакшыраак жазыш керек.

(Константин Станиславский)


Ал эми чоңдорго болсо балдарга жазгандай эле жазыш керек, андан да жаманыраак жазыш керек.

(Еф.Борисов)


Окуя канчалык татаал болсо, каармандар ошончолук жөнөкөй болот.

(Карел Чапек)


Жазуучу өзү айткысы келген нерсени айтпай, жазууга тийиш.

(Эрнест Хемингуэй)


Реклама – бул азыркы адабияттын эң кызыктуу жана эң татаал формасы.

(Олдос Хаксли)


Адабият жок болсо, жашоо тозок болмок.

(Чарльз Буковски)


Бул дүйнөдө эки гана күч бар: доллар, анан адабият.

(Михаил Булгаков)


Бир кылымдын дини – экинчи кылым үчүн көркөм адабият.

(Ральф Уолдо Эмерсон)


Силерде жан жок, мырзалар: ошон үчүн адабият чыкпайт.

(Василий Розанов)


Эмне дей аласың, бирөөгө живопись, бирөөгө адабият, дагы бирөөгө сосиска жагат.

(Лариса Гузеева)


Биз акчаны адабиятка караганда сагызга көбүрөөк коротуп турганда, өлкөбүз цивилизациялуу боло албайт.

(Элберт Грин Хаббард)


Китеп шкафын жапканды унутуп коюшкан экен, ошон үчүн чымындар адабиятка из калтырып кетишти.

(Эмиль Кроткий) 


Проза ичинде поэзия болгону үчүн эле адабияттан орун ээлеп келатат.

(Рюноскэ Акутагава)


Бир аз өлчөмдөгү жакшы адабият дайыма эле болот, бирок маселе ушунда: аны ким окуйт?

(Гор Видал)


Эгер сен чайнектеги суунун молекулярдык деңгээлде кантип кайнаганын элестете албасаң, анда адабиятка киришүүнүн эч кажети жок.

(Александр Черницкий)


Немистер өлүмдү жакшы көрүшөт. Алардын адабиятын окуп көрсөңүз, алар өлүмдү жакшы көрүшөрүн байкайсыз.

(Жорж Клемансо)


Адабият провокация болбошу керек. Бул сага таттуу чай эмес да.

(Анджей Сапковский)


Адамзаттын жаралышы адабияттын жаралышынан башталат.

(Андрей Владимирович Лаврухин)


Илимий чыгармалардын эң жаңыларын, адабий чыгармалардын эң эскилерин окугула. Классикалык адабият эч качан эскирбейт.

(Эдвард Бульвер-Литтон)


Адабиятты өзүмдүн табытым сыяктуу көтөрүп баратам, кайгы-капам сыяктуу көтөрүп баратам, жек көрүүм сыяктуу көтөрүп баратам...

(Василий Розанов)


Бул жагымсыз нерсе, бирок факт. Улуу өлкөнүн улуу адабияты болбойт.

(Илья Ильф)


Адабиятта жаңы сөз айткым келди эле, бирок оозуман “аванс бергилечи” деген гана сөз чыкты.

(Эмил Кроткий)


Журналистика – бул чуркап баратып жазылган адабият.

(Мэтью Арнольд)


Адабият – бул эки жолу окулчу нерсе; журналистика – бир жолу окулчу нерсе.

(Сирил Коннолли)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн