Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Биз бекер иштеп беребиз. Максат ажы байларга жана элге кайрылуу жасады (видео)

04.05.2021 08:28
1304
Биз бекер иштеп беребиз. Максат ажы байларга жана элге кайрылуу жасады (видео)

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы Муфтийи Максат ажы Токтомушев бүтүндөй кыргыз журтчулугуна, байларга кайрылуу жасады.


Максат ажы кайрылуусунда, чек арадагы тажик тараптын агрессиялык баскынчылыгынан жабыркаган элге жардам берүүгө чакырды.


"Урматтуу кыргыз элим, өзгөчө урматтуу байлар, биз барып чек арадагы жабыркаган, өрттөгөн үйлөрдү көрүп келдик. Ал жерде жашагандар өздөрүнөн башка эч нерсеси калган эмес. Ошондуктан бардар адамдар уюшалы, 3-4  адам биригип, бир үйдү калыбына келтирели. Атайын эсеп ачтык баары айкын болот. Берген акчаңыздар аларга күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар алынат. Мына биздин балдар кезек менен барып бир ай бекер иштеп бергенге даярбыз",- деди Максат ажы.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурайым Кадырова
Саламатсызбы Максат ажы, бул рамазан айында кече куну" ооз ачар "-кылабыз деген акчаны биздин Уй було Баткен элине акчалай турундо бердик. Ош шаарынан чогултуп аттышты. О ,э. Зекетти кийинчерээк эсептеп, колдонууга ылайыктуу идиш-аяк катарында берсек болобу?.