Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:29
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Биз бийликтин партиясы эмеспиз, - "Биримдиктин" төрагасы Марат Аманкулов

11.03.2020 16:02
2157
Биз бийликтин партиясы эмеспиз, - "Биримдиктин" төрагасы Марат Аманкулов


"Биримдик" партиясынын төрагасы Марат Аманкулов партия тууралуу жаралган көптөгөн суроолорго жооп кайтарды.


Узак убакыт үн катпай жүрүп, өзүнүн айланасында жүрүп жаткан ушактарга таң калган депутат Марат Аманкулов КСДП фракциясынан кеткендигинин себебин эми айтты.


Саясий Кыргызстан бүгүнкү күндө бал ташуучу аарылардын уюгуна окшоп калды. Кеңири коомчулук үчүн билинбейт, бирок ички чөйрөдө саясатчылардын арасында сүйлөшүүлөр, консультациялар өтө активдүү жүрүп жатат. Убакыт абдан аз калгандыгына карабай акыркы конфигурация азыркыга чейин анык эмес. Бир нече эле партия эми гана маалыматтык көшөгөлөрүн ачып, өздөрүнүн партиялаштарын, тарапташтарын атап жатышат.


Мына ушундай бирикмелердин бири - "Биримдик" партиясынын жетекчиси Марат Аманкулов. Бул саясатчыга окурмандардын суроолору топтолуп жүргөн. Акыры Марат Аскерович бир топко эч нерсе айтпай жүрүп, эми негизги суроолордун айрымдарына жооп берүүгө макул болду. 


- Марат Аскерович, келерки шайлоодо сиз "Биримдик" партиясынын төрагасы катары аттанасыз. Сиздин жолуңуз КСДПдан биротоло кетүү менен башталдыбы? Эмнеге?


- Ооба, мен КСДПдан чыгып кеттим. Бул оор чечим болду. Мен бул партияга өзүмдүн 10 жылдык жашоомду арнадым. Биздин команда күчтүү болгон жана көп иштерди жасадык. Бишкек шаардык партиялык уюмду нөлдөн баштаганбыз. Бирок акырындык менен биз чогулгандагы коюлган максаттарыбыз экинчи планда калып, партиянын контекси өзгөрдү. Интригаларга катышып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргоо менен алектенгим келбейт. Саясий териштирүүлөр менен убактымды да короткум келген жок. Биз Жогорку Кеңеште мына ушундай нерсеге көп убактыбызды короттук. Ошондуктан менин эң туура чечимим - бул КСДПдан чыгуу болду. Эми мен "Биримдик" партиясынын төрагасымын.


- А эмне үчүн шайлоого башка саясатчылардай эле түптөлүп калган партиялар менен барбай, жаңы партия менен барууну чечтиңиз?


- Ооба, анткени мен алардан биригүүчү идеяларды, чыныгы идеологиялык платформаларды көрө алган жокмун. Карап көрүңүз, парламентке тигил же бул партия менен кирүүнү каалагандар үчүн эмне түрткү болот? Биринчиден мандат, экинчиден өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн биригүү. Өкүнүчтүүсү, азыркы учурда партиялар лидерлерге гана көнүл бурат, - бул эмнеге алып келет аны билебиз. Бизде болуп жүргөндөй шайлоо алдындагы бир күндүк эмес, партия куруунун бардык эрежелерин сактоо менен узак мөөнөткө түзүүгө мүмкүнчүлүк берилди.


- Мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы конфликттен кийин Атамбаевдин дарегине башка КСДПдагы кесиптештериңизден айырмаланып ачык сын пикир айткан жоксуз. Сиз медиа мейкиндигинде жана парламентте аз чыга баштадыныз, ошондуктан болуп өткөндөргө сиздин жеке мамилениз анык эмес. Сиз мурдагы лидериңизге берилген адам катары көрсөтүүгө аракет кылдыңызбы?


- Мен ар дайым кайсы бир адамга эмес, идеяга берилгенге аракет кылчумун. Ал эми партия ичиндеги болгон окуялар тууралуу оюмду Алмазбек Атамбаевдин жеке өзүнө айткам. Калган бааны эксперттер жана тиешелүү органдар беришсин. Убакыт менен тарых бардыгын өз ордуна коёт.


- Сиз жетектеп турган "Биримдик" партиясынын артында көптөгөн ушактар пайда болду. Алардын арасында бул президент, анын ичинде Асылбек Жээнбеков турат деген пикирлер бар. Бул чындыкка дал келеби?


- "Биримдик" партиясынын айланасында ушактар көп, бирок алардын көбү калп. Биз азыр жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүп жаткан беш шаарда конференция өткөрүп жатабыз. Чындап эле бийликтин партиясы эмеспи деген суроону көп беришет. Жок, биз бийликтин партиясы эмеспиз. Анткени биз биринчи кадамды баштоодобуз. Качан биз Жогорку Кеңешке өтүп, өкмөттү түзүп, өзүбүздүн премьер-министрибизди сунуштап, программабызды ишке ашырып баштаганда гана өзүбүздү бийликтин партиясы деп атай алабыз. Биз ушуга умтулабыз, бирок бийлик-биздин акыркы максатыбыз эмес. Биз бийликти программабызды ишке ашыруучу курал катары карайбыз. 


Президент тууралуу айтсам, жеке өзүм жана "Биримдик" партиясы Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдойбуз. Мен жогоруда айткандай биздин партия - идеячыл. Биздин негизги бириктирүүчү күч бул -евразиялык жана демократиялык социализм. Эгерде президент биздин идеяны тең бөлүшсө, анда сиз биздин президенттин партиясы деп эсептесеңиз болот. Ошондой эле, мугалим, врачтар да биздин идеяны тең бөлүшсө анда биз доктур, мугалимдердин партиясыбыз. Эгерде короо шыпыргычтар колдосо, анда короо шыпыргычтардын партиясы десе болот. Куруучулар колдосо, куруучулардын партиясы. Биз аларды бириктирүүчү күч болушубуз керек. 


Партияны курууга киришүүдө эң биринчи этапта интеллектуалдык жана чыгармачыл элита менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Демоктратиялык социализм, евразиялык шайлоо идеялары, аларды жандуу кызыгууга чакырды. Алар кубануу менен байланышка, талкууга келип, сунуштарын беришет. Аладын көбү келечектүү иделарыбызды көрүп турат. 


"Биримдиктин" тегерегинде жүрүп жаткан ушактар тууралуу айтсак, кимдир бирөөлөр партияга жалган жалаа жаап, ар кандай чыр чыгарууга активдүү аракет кылууда. Алар тууралуу бир пикир айткым келбейт. 


Бир гана нерсени айтсам: "Биримдик" демократиялык социализмдин партиясы, ал колдогон евразиялык шайлоо - бул олуттуу жана узак мөөнөттү. Мен ишенем, келечек биздин колубузда. Бул партия олуттуу бириктирүүчү идеялар жана платформалар менен. Бизди алдыда узак жана жемиштүү саясий жашоо күтүп турат. 


- Сиздин "Биримдик" партиясынын төрагасы болууңуз тууралуу чечимди ким чыгарды?


- Мындан аркы кадамыбыз тууралуу сүйлөшүүлөр болуп келген. Башка партияга өтүүгө же КСДПда эле калуу мүмкүнчүлүктөрү болгон. Бирок, мындай сүйлөшүүлөр бизди жаңы кыймыл, жаңы саясий маданиятты түзүү жана жаңы идеологияны түзүүгө түрттү.   


Мен ойлойм, Кыргызстанда бүгүнкү күндө идеялык негиздеги партия жетишпей жатат. Өлкөнү бириктирүүчү идеялар жокко эсе. Коомчулуктун аң сезимин кир технологиялар менен манипуляциялоого аракет кылып жаткан абалды көрүп турабыз. Кыргызстандыктар шайлоо алдындагы ушундай саясий  таштандылардын барын баштарынан алып салуулары керек. 


Мындай качан болот? Саясат качан өздөрүн өзү билип, өзү чечип, жалгыз максаты - ар кандай жолдор менен бийликке жетүү болгон лидерлердин биригүүсүндө. Карап көргүлө, азыр шаарда каттоого туруу маселеси башаламан. Бир батирде миң жаран каттоого туруп алган. Булардын баарын ким жасап жатат, коомчулук жакшы түшүнүп турат. Баары түшүнүшү керек, партиялар ушундай манипуляциялар менен иштеп баштаса өлкөгө жакшы нерсе алып келе алышпайт. Муну менен өлкөнүн жаркын келечегин көрө албайбыз. Мындай жол менен иштөөнү көздөгөн партиялардын бир гана максаты - мандатка жетүү жана короткон акчаларын 10 эселеп кайтарып алуу болуп саналат. 


- Партиянын негизги каржылоо булагы кайсы?


- Бүгүнкү күндө каржылоо булагыбыз - биздин өзүбүздүн жеке каражатыбыз. Жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди сунуштоо жеке булактар тарабынан уюштурулуп жатат. Мен дагы өз иштеримди өзүм уюштуруп жатам. Тышкы булактарыбыз жок.   


- Канчалык шайлоо жакындаган сайын коомчулуктун азыркы депутаттарды шайлоодо кайрадан көргүлөрү келбей жатканы байкалууда. "Биримдиктин" катарында жаңы адамдар келет деп убада бере аласызбы?


- Ушул боюнча сөздөр көп, тизме боюнча кызыгып суроо бергендер арбын. Жоопкерчилик менен айткым келет: учурда тизме боюнча талкуулар жок. Жогорку Кеңештеги депутаттардын ичинен жалгыз мен эле мүчөмүн. Бизди колдогон, идеябыз менен бөлүшкөн депутаттар бар. Бирок азырынча партияга кирген депутаттар жок, ошондуктан алардын аттарын айтуу эрте. 


- Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышын "олигархтар" деп атап калышат. "Биримдик" бизнесмендер үчүн депутаттык орундарды чектейби?


- Албетте, тизме тең болушу керек. Ага ар кайсы тармактын өкүлдөрү, ар кандай социалдык деңгээлдеги адамдар, илимий, чыгармачыл интеллигенциянын, бизнестин жана социалдык сектордун өкүлдөрү кириши керек.  


- Сиз айттыңыз го, эгерде президент "Биримдиктин" идеясын бөлүшсө президенттик партия деп атаса болот деп. А эгер бөлүшпөсөчү? Жогорку Кеңешке келгенден кийин оппозицияга кетүүгө даярсызбы?


- Башка партиялардай эле, эгерде биз азчылыкты түзсөк оппозицияда калууга даярбыз. Бирок, өз идеяларыбызды алдыга жылдыруу боюнча алдыга карай аракеттерибизди уланта беребиз. Анткени, биздин өлкөнүн мындан башка жолу жок. Кыргызстан үчүн тарыхый өнүгүүнүн туура жолун табуу керек.    


VESTI.KG сайтынан кыргызчаланды

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аслан
Марат Аскерович такой человек и иноватор нужен лудям и партии!