Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Биз экономиканы ойлойбузбу же шайлоо өткөрүп отура беребизби?

11.10.2020 17:28
2451
Биз экономиканы ойлойбузбу же шайлоо өткөрүп отура беребизби?


“Президент кетем деди”, - деп эмне эле шаштырып жатасыӊар! Президентти көрдүк, кызмат ал үчүн кымбат эмес экен, кетем деп айтып жатат, анан артынан куугандай жанталашып, улам чыга калып “кетем деди” деп жатасыӊар.


Президенттин азыр кеткени туура эмес, ал кайра мыйзамсыз талаага кайтып келгенге жол ачат.


Биринчи, президент кетсе анда башынан президенттик шайлоо өткөрүш керек.


Парламенттик шайлоо дагы өткөрүш керек.


Жаӊы келген премьер-министр Баш мыйзамды өзгөртөм деп жатат, анда Референдум болот, ал үчүн дагы шайлоо болот. Кыргызстан COVID-19дан кийин экономикасы эӊшерилип түшүп калган. Биз экономиканы ойлойбузбу же шайлоо өткөрүп отура беребизби? 


Анан, кайра эле жаӊы келген бийликке ишеним жоголуп баштайт, эл кайра көтөрүлөт. Кетирип көнүп калган эл, кайра эле кетсин деп чыга берет. Ошондуктан “кетсин” деген кара жолтой сөздү кайталап, айтпагылачы. Президент калсын, калсын, келсин деп айталы. 


Калып парламенттик шайлоону бей тарап, калыс өткөрүп берсин. Азыр бардык күчтөр теӊелип калды, шайлоону таза өткөрүп берсин. 


Президент, ушул күнү кетип калса анда таарынам, анда туура эмес кылды деп айтам! Президент кеткидей эч кандай жаман иш кылган жок, дайым элдин талабын эске алып, коомчулук менен эсептешип келди. Канча жолу фейсбукта эл ызылдап калганда, президент аны угуп, макул болот эле. Ушундай президентти кайра издеп таппай калабыз, эл ойгонолу! Президенттин жанындагылар, менин үнүмдү жеткирип койгула!


Бактыбек Мелисбеков

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Артык
Туура президент азырынча кетпей туруш керек
Суйунбай кызы Айжаркын!
Сооронбай Шарипович иш мооноту буткончо иштеп беруусун талап кылам