Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Биз канткенде өнүгөбүз же туура тандоо жана өз тандооңду сыйлоо тууралуу

12.03.2020 14:50
1405
Биз канткенде өнүгөбүз же туура тандоо жана өз тандооңду сыйлоо тууралуу

 

Ушул жылдын күрдөөлдү күз мезгилинде парламенттик шайлоо өтөт. Ага карата саясий партиялар, айрым саясатчылар эртелеп эле пиар кампаниясын баштап да алышты. Партия лидерлеринин бири кайсы бир мечитке барып, жардам кылып жүрсө, дагы бири эл кыдырып, «кандай маселеңер бар, чечип беребиз» деп жүрөт. Андай убадаларга ишеним «өлүп» калганы менен дагы деле ал партия лидерлери менен жолугушууга барып жаткан адамдар бар. Айтор, алдын-ала даярдалган, сахнада коюла берип жатталып калган спектакль  сыяктуу эле. 

Эгерде биз ушундай коюлуп келаткан «спектакль» коюуну жана анын көрөрманы болууну уланта берсек, анда өлкөбүз өнүгөбү? Жашоо-шартыбыз жакшырып, кадимки өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула алабызбы? Жообун билсеңиздер керек, албетте жок. 

Биз өнүгүш үчүн эмне кылышыбыз керек? Ушул суроого толтура жооптор бар. Болгону алардын реалдуусун, жөнөкөйүн, өзүбүзгө жугумдуусун карап көрбөйлүбү?

Биринчи кезекте, асмандагы айды убада кылып келген партиялардан биротоло баш тартуу туура болсо керек. Алдап көнгөн партия да, саясатчы да ал «оорусун» калтыра албайт. 

Экинчи кезекте, акчаны самандай сапыруу жолу менен парламентке келгиси келген партиялардан баш тарталы. Ири суммада акча сарптап келген депутаттар кайра аны 100 эселеп жон терибизден сыйрып аларын унутпайлы. 

Үчүнчүдөн, парламентте интеллигенция өкүлдөрү, салмактуу, кадыр-барктуу, төбөсү элибизге көрүнүп калган инсандардын келишин колдойлу! Болбосо, парламент депутаттарынын көпчүлүгүнөн «шапкабызды баса кийип уялып», «пунктуалдуу» маселелерди чече албай жатабыз. 

Төртүнчүдөн, билими тайкы, маданияты төмөн болуп туруп, жөн гана улкунуп-жулкунуп сүйлөп, элге жага тургандай бапылдап койгондорду мактап жатып алганды токтотолу! Ошол «бапылдактардын» көпчүлүгү кантип тез байып жатканын да бир көзөмөлдөп коелу. 

Бешинчиден, шайлоолордун алдында эле «туула» калган партиялардан да «Эмне үчүн шашылыш туула калдыңыз?» деп бир сурап коелу. 

Алтынчыдан, эгерде ушул сыяктуу маселелерге шайлоо алдында көңүл бурбай, акча бергендердин акчасын алып, бапылдагандарды мактап, «пунктуалдуу» маселе чечкичтерди, «сексалюларды» кайра шайлап ала турган болсок, анда күнөөнү өзүбүздөн издеп, беш жыл бою алардын кылык-жоругуна унчукпай чыдайлы. Себеби, тандоону жасаган соң, өз тандооңду сыйлашың керек. 

Алдыда тандоо. Демек, дагы беш жылдык өмүрүңдү нааразычылык менен өткөргүң келбесе, анда туура танда!


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ондуруш
Бул талаптарды коюу туура. Элибиз ага даяр боло электиги гана кабатыр кылат.