Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Биз караңгылыгыбыздан дагы деле Ислам динин түшүнө элекпиз

01.04.2021 20:59
1310
Биз караңгылыгыбыздан дагы деле Ислам динин түшүнө элекпиз


Төлөгөн Касымбековдун "Сынган Кылычында" Абил деген каарман бар. Караңгы, кыргыз эли карайлап турганда орустун генералы жан жөкөрлөрү менен келатса, утурлап чыгып, чай берип, курсагын тойгозуптур. Анан кетээрде казак котормочуга айтат имиш, уй тилиндей эки эли кагазга бир нерсе жазып кетсин деп. Генерал путьёвой лист алып, анан, жазып кетиптир. "Биз келатсак, кыргыздын Абил деген кишиси чай берди. Курсагыбызды тойгозду, жакшы киши экен.  Рахмат"- деп. Анан ошол катты караңгы кыргызга көрсөтүп, Абил деген киши көп жыл ошол аймакты башкарыптыр. Ак падыша мени бий шайлап кетти деп. 


Бүгүнкү, 21-кылымдагы Кыргызстандын ачуу чындыгы, караңгылыгы, жапайылыгы ошол орус падышачылыгынан кат алып көнгөн күндөн бери өзгөрүүсүз келатат! Айтып деп түшүндүралбайсың! Атеисти баш, мусулманы төш болуп, бүт эле караңгы бойдон калдык. Коомдогу жапайычылык - ар кандай вирустан дагы коркунучтуу. Баарыбыз эле мусулманбыз, бирок, ачыгын айтканда, дин чөйрөсү көзөмөлдөн чыкты! Коомдогу чыңалууну күчөтүп атат. Көчөдөн арапча жөн эле бир нерселер жазылган кагаз таап алса, аны ыйык деп эсептеген мусулманчылык эмес, Имам Бухарилер, Ахмет Жассавилер, Мухиддин Арабилер, Шейх Саид жана Бедиүззаман Саид Нурсилер жашаган илимге багытталган Ислам керек бизге!  Исламдагы "таблиг" деген сөз - жамандыктан кайтаруу, жакшылыкка чакырууну түшүндүрөт. Бирок, бизде Арстан Алай сыяктуу күпүргө киргендерди туура эмес жолдон кайтаралган молдоке, дааватчы же азанчы барбы? Жок!!! Анан Пакистанда, Индияда эмне кылып жүрөсүң десең, таарынышат!!!


Айтор, раматылык Төкөмүн каарманы Абилдей акыбалдабыз баарыбыз эле. Жүз жылдан бери уктап атабыз, таш баканын жүрүшүндөй жылыштарга курсант болгондор бардыр. Бирок, биздей караңгы журттар деле оңолуу жолуна түштү!


Биз болсо, бүгүн деле,  өткөн кылымдардын караңгылыгында дале карайлап турабыз!!!


Манас Осмон, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн