Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Биз көкөлөйбүз, анан кайра кулайбыз, көкөлөйбүз, кайра кулайбыз...

28.09.2023 13:10
382
Биз көкөлөйбүз, анан кайра кулайбыз, көкөлөйбүз, кайра кулайбыз...


Жыгылып калганың али эчтеке эмес, үстүңөн тебелеп да кетишет.

(Япон накылы)


Жогоруда болуп, ылдый кулагандан көрө, ылдыйда болуп, жогору чыгууну эңсеген жакшы.

(“Жылдыздар согушу” тасмасынан)


Асканын кырында турган кезиңде “кулаганы жатам” деп эмес, “учканы жатам” деп секир.

(Роберт Орбен)


Кээ бир кишилер жогорудан кулап кетпеш үчүн ылдый жакта жашаганга аракет кылышат.

(“Дүлөй дубалдар” тасмасынан)


Жыгылган кезиңде сени кимдер көбүрөөк тепкилеп жатканына назар сал. Алардын арасынан жакын досторуңду көрсөң, таңгалбай эле кой.

(Владимир Казарян)


Биз көкөлөйбүз, анан кайра кулайбыз, көкөлөйбүз, кайра кулайбыз...

(Александр Македонский)


Ар кандай кулоо ылдый жакты көздөй жасалган кичинекей кадамдан башталат, согуштагы жеңилүү жоокер жакасын топчулабай койгонунан башталат.

(Александра Маринина)


Адам бир сөздөн улам көкөлөп, бир тамгадан улам жыгылат.

(Эрик Пэккэр)


Таянган киши жыгылбайт.

(Казак накылы)


Өлүмгө текебердик, жыгылууга менменсинүү себеп болот.

(“Инжил” китептен)


Аңдын түбүндө отургандын да өзүнүн бир артыкчылыгы бар – жыгылам деп коркпойсуң.

(Питер Хёг)


Таңгалычтуусу, жогору көтөрүлгөндөрдүн баары кайра ылдый кулаган.

(Рэй Бредбери)


Канчалык бийик көтөрүлсөң, кулаган ошончолук оор болот.

(Бекка Фитцпатрик)


Жыгылган али жеңилүү эмес. Жыгылган жериңде жылбай отура берсең, ошол жеңилүү.

(Шри Чинмой)


Жыгылганга жараша эшектен эмес, аттан жыгылыш керек.

(Грузин накылы)


Жыгылгандан коркпо, өйдөгө эмес, ылдыйга кулайсың.

(Павел Нахимов)


Жогоруда болуп көрбөгөн киши жыгылган кандай жаман экенин эч качан түшүнбөйт.

(Леся Украинка)


Учканды билсең, конгонду да бил.

(Монгол накылы)


Башкалардан өйдө болууга аракеттенүү – ылдый кулоонун башталышы.

(Петр Квятковский)


Жыгылып кетпеш үчүн бутуңдун астын караш керек, учуш үчүн асманды караш керек.

(Лу Рид)


Бул жашоодо кантип учканың эмес, кантип конгонуң маанилүү.

(Кара Хантер)


Кулаганда адам өз эрки менен кулайт, бирок турганда Кудайдын амири менен гана турат.

(Игорь Гарин)


Ылдый кетчү жолдо аялдама аз болот.

(Теодор Драйзер)


Алар учкан жок, мен кулап баратам.

(Франс Кафка)


Мен кулаган жокмун, мен учуп баратам. Ар ким колунан келишинче учат.

(Сергей Лукьяненко)


Адам эң бийик чокуга деле чыгышы мүмкүн, бирок ал жерде көпкө боло албайт.

(Бернард Шоу)


Жогорулап баратканда деле кулап кетишиң мүмкүн.

(Борис Лесняк)


Атам “көкөлөп турганыңда адамдарга жакшы мамиле кыл, себеби, кулаган учуруңда ошолор керек болот” дечү.

(Колин Морган)


Эркек киши аялдын тизесине аны жыгыш үчүн гана жыгылат.

(Василий Осипович Ключевский)


Тамчы ташты күчү менен эмес, бат-бат тамганы менен тешет.

(Публий Овидий Назон)



Бирөөнүн жыгылганын көрсөң, тургузуп кой. Анткени, сен да бир күнү жыгылып калышың мүмкүн.

(Билли Джо Армстронг)


Жогору чыгып баратканда токтосоң болот, бирок кулап баратканда токтоо мүмкүн эмес.

(Наполеон Бонопарт)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн