Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Биз өз алдыбызча изоляциянып сактанбасак, мындай стрессте өтө узак болобуз

25.03.2020 10:49
920
Биз өз алдыбызча изоляциянып сактанбасак, мындай стрессте өтө узак болобуз


Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

 

Бүгүн карантиндин тартибин катуу сактайлы! Көчөгө чыкпаңыздар, үйдө болуңуздар!

 

Эгерде өзгөчө абалга көңүл бурбай, кажетсиз көчөгө чыга берсеңиздер өзүңүздөрдү эле коркунучка алып келбейсиздер, жакын туугандарыңызга кыйналууларды алып келесиздер! Бул оору эч кимди аябайт, өзгөчө улгайган адамдарга катуу тиет!

 

Ойлонуңуздар, ата-энелерди сактаңыздар!

 

Жоопкерчиликти көзгө илбөө бүткүл Кыргызстаныбызга оор зыян алып келет. Ооруканалар толуп, дарыгерлер менен аппараттар жетишпей калганда абалды башкара албай калабыз!

 

Эгерде карантиндин бардык эрежелерин жана режимин сактап үйдөн чыкпасак, эпидемиологдордун айтымында эки жумада абал жакшырат. Вирус жуккандар аныкталат, анын таркашы токтотулат, андан кийин баарыбыз көчөгө чыгып, иштерибизге жана окууларыбызга кайта алабыз!

 

Бирок өзүбүздү изоляциялоо бул ар бирибизге тийиш болушу керек!


Эгерде кайсы бир бөлүгүбүз муну бузса, анда натыйжасы жок болот!


Жоопкерчиликтүү жарандарыбызга кайрылам: өз үй-бүлөңүздөргө жоопкер болуңуздар, үйүңүзгө жугуштуу ооруну алып келбеңиздер! Туугандарга катуу көз салыңыздар!

 

Антпесек карантин узак болот!


Вирус тез таркап, ар бирибизге жетет. Кесепети өтө оор болот!

 

Эгерде кимдир бирөө бул коронавирус ага же анын үй-бүлөсүнө тийбейт десе, анда ал чоң жаңылышат! Европаны карагылачы, биз алардан мыкты туруштук бере алабыз дейсизби? Ошол эле Италияда, Испанияда, Улуу Британияда жана Германияда технологиялар, акча жана сапаттуу медицина бар. Бирок атүгүл алар да азыр шаймандары ооп жатат. Адамдар каза болуп, өлүмдөр прогрессиялык түрдө катуу өсүп жатат...

 

Башкалардын катасынан сабак алалы, болбосо биз үчүн бул чоң трагедияга айланат.

 

Эгерде азыр биз өз алдыбызча изоляциянып сактанбасак, мындай стрессте биз өтө узак болобуз. Коңшуларыбыз менен болгон чегараларыбыз ачылбайт, бизнес ишин кайра баштабайт, жумуш болбойт… өзүбүз, жакындарыбыз катуу кыйналабыз!

 

Азыр март айы. Жакында талаа иштери башталат, чабандарыбыз жайлоого кетет. Ага чейин бул вирусту бардык күчүбүздү бириктирип жеңип чыкпасак, айыл чарбабыз талкаланат.

 

Бийликтин өзгөчө абал жарыялаганын мен толук колдойм!


Аны өлкө бою киргизиш керек деп эсептейм.

 

Кечээ шаарды айланып байкап чыктым: парктарда, көчөлөрдө көптөгөн адамдар сейилдеп жүрөт. Азыр эс алуу убактысы эмес, азыр – карантин! Азыр өзүбүздү изоляциялоо учуру! Бийлик катуу чара көрүшү керек. Бул убакыттын талабы!

 

Ойлонуңуздар! Урматтуу Кыргызстандыктарым!


Сиз экөөбүздү жашасын деп дарыгерлерибиз коркунучтуу абалда иштеп жатышат! Сиз экөөбүздүн коопсуздугубуз үчүн милиция коркунучтуу абалда иштеп жатат! Чегараларыбыз ишенимдүү болсун деп чегарачыларыбыз коркунучтуу абалда иштеп жатышат! Эгерде үйдөн чыкпай сактансак, биз аларга жана өзүбүзгө болгон коркунучтарды азайтабыз!

 

Үйдө бол!


Коронавирусту жеңебиз!

 

Урматым менен,

Өмүрбек Бабанов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн