Биз "Ворух" анклавын алмашканга даярбыз. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Тажикстанга 2 сунуш бергенбиз. Бири Ак-Сай айылын айланып өтө турган жол беребиз. Экинчиси, биз "Ворух" анклавын алмашканга даярбыз. Анын ордуна Лейлек жана Баткен райондорунан жерлерди беребиз. Анын аянты 12 миң гектардын айланасында",- деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн