Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Биз таза шаар үчүнбүз! Бишкектиктер "Эмгек Челленджди" колдошту

27.03.2021 18:40
1721
Биз таза шаар үчүнбүз! Бишкектиктер "Эмгек Челленджди" колдошту

"Эмгек" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Назир Асанбердиев, Максат Джоошбеков жана Александр Пахомов шайлоочулар менен үзгүлтүксүз жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, саясий биримдиктин алдыдагы пландары жөнүндө айтып беришти. Жолугушуулардын бири көчөдө болуп, ал натыйжалуу болду: талапкерлер жана шайлоочулар биргеликте ишембилик өткөрүштү.


Сүйлөшүү учурунда шаардыктар экология маселесин көтөрүштү. 


“Биздин “Эмгек” партиясынын “Демилгелүү шаар” деп аталган программасында ага көп көңүл бурулган. Биздин максаттардын бири - шаардагы абанын сапатын жакшыртуу. Биз шаардык кеңешке келсек, “Ышсыз Бишкек” программасын кабыл алабыз. Айлана-чөйрөнүн өндүрүш тармагынан булгануусун төмөндөтүп,  жашыл экономикага өтүүнү жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарын колдонууну баштайбыз. Тагыраагы биз шамал жана күн энергиясын өнүктүрөбүз. Мэриянын алдында экологиялык эксперттик кеңеш ачабыз. Эл аралык эксперттерден жана атайын адистерден турган комиссия түзөбүз. Алар айлана-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштарын беришет”, - деди талапкерлер.


“Өнүккөн өлкөлөрдө таштандыларды иргеп алуу зарылдыгы мыйзам деңгээлинде бекитилген. Бул таштандылардын олуттуу бөлүгүн кайра иштетүү үчүн жөнөтүүгө мүмкүндүк берет жана айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизет. Биз таштандыларды сорттоо маданиятын киргизүүнү пландап жатабыз”, - деп кошумчалашты талапкерлер.


Он күн мурун “Эмгек” партиясы “Эмгек Челленджин” баштап, Бишкек шаарынын тургундарын ишембилик өткөрүүгө чакырган. “Жаз келип, адамдар көчөдө көбүрөөк убакыт өткөрүшөт. Таштандылар көптөгөн короолордо жана жалпы пайдалануудагы жерлерде топтолгон. Арыктардагы жалбырактарды жана гараждардын артындагы таштандыларды тазалаңыз, үйүңүздүн жанындагы отургучтарды оңдоңуз, оюн аянтчаларын сырдаңыз” деп чакырган.


Андан бери шаарда күн сайын ондогон ишембиликтер өткөрүлүүдө. Алардын көпчүлүгүнө БШКга "Эмгек" партиясынан талапкерлер тартылган. Көчөнүн жашоочулары чакырыкка жооп кылып, дарегин көрсөтүп жатышат. Алар шыпыргычтарды, күрөктөрдү жана таштанды баштыктарын даярдашып, талапкер Назир Асанбердиев, Максат Джоошбеков жана Александр Пахомов менен биргеликте ишембилик өткөрүштү.


“Эмгек челлендж” улантылууда. Социалдык тармактарга # эмгектен хэштегин коюу менен “Ишенбиликке чейин жана кийин” деген белги коюлган сүрөттөрдү  жарыялаңыз.

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.


“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Кулакка лагман илип атышат