Швейцариянын Цюрих шаарында жайгашкан абактын жетекчилиги абакта 3 күн жашоого конкурс жарыялайт. Бул тууралуу орусиялык "Лента" маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Цюрих шаарындагы жаңы абактагы жашоону сыноо үчүн түрмөнүн жетекчилери ыктыярчыларга конкурс жарыялайт. Конкурстан өткөн адамдар темир тор артында үч күн телефон колдонбой абактын жашоосун сыноодон өткөрөт. Аларга эч кандай акча берилбейт. Болгону абактын бекер тамак-ашы жана жатаканасы менен камсыздалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн