Кумтөр иши боюнча Кыргызстандын атынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Экономика министри Акылбек Жапаров жана Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Женева шаарында Centerra Gold Inc. компаниясынын Скотт Перри баштаган делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу "Кактус.медиа" өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалым болгондой, сүйлөшүү үч күнгө созулган. Тараптар бетме-бет отуруп маселени чечүү позитивдүү экенин билдиришкен.
Кыргыз тарап өзүнүн позициясында бекем туруп, өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон.
Кыргыз делегациясы бүгүн өлкөгө кайтып келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн