Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 22:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Биздин көпөстөр реалдуулуктан таптакыр алыс

20.01.2021 15:02
1130
Биздин көпөстөр реалдуулуктан таптакыр алыс

Акылбек Жапаров мигранттарды эшелондоп Россияга жөнөтөлү дейт. Дароо 90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башы, зылдай оор чаар сумка көтөргөн мекендештер элестеди. Чартарабы ачык плацкарт вагондорго тыгылып кеткен ата-эне, туугандарымды далай узатып вокзалга баргам. Алар 3-4 күндүк жол азабын далай көрүштү. Анан акырындап учак менен каттай башташты. Алар Кыргызстанда иш орундары ачылса экен, татыктуу маяна болсо экен, ага чейин иштей туралы деп чыдап келишти. Тилегендей болбоду.

А биздин көпөстөр реалдуулуктан таптакыр алыс. Албетте Жапаровдун сунушу өрт өчүргүч сыяктуу, убактылуу эффект бериши мүмкүн. Бирок маселени тамырынан чечпейт. Ага азыркы горе-чиновниктер аракет да кылбайт. Жумушсуздук проблемасын чечүүнү башка өлкөгө жүктөп туруп көз карандысызбыз деп айтуу абсурд. Бирок бул бир эсептен биздин коррупционерлерге ыңгайлуу. Уурулугуна каршы туралган, каяша айткан, көзөмөлдөгөн ал-кубаттуу жарандардын аздыгы алар үчүн ыңгайлуу.

Ооба, пандемия убагында көп өлкөлөрдө жумушсуздук күчөдү. Бирок бир тобу колдо бар каражатын жүгүртүп, инфраструктура куруп, жумуш орун ачуу менен алек. А Кыргыз чиновниктери четтен келген 700 млн доллар жардамды негизинен айлык акыга салып жиберип (жеп алып десе да болот) отуруп калды. Ошонун жок дегенде үчтөн бирин жергиликтүү бизнеске, иштейм деген жарандарга арзан кредит катары бергенде акча жүгүртүлүп, он миңдеген жумуш орундары сакталмак, ачылмак. Бул бир эле мисал.

Али Токтакунов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн