Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Биздин мамлекеттин илим үчүн колу бошой элек

26.12.2020 14:36
1004
Биздин мамлекеттин илим үчүн колу бошой элек

Чарчабоонун ыры


Бишкектеги түтүн бул өзүбүздүн мамиле, өзүбүздүн мамиленин сүрөтү. Ошонун күзгүсү. Аны террористтер үйлөп аткан жок. Өзүбүз алардан кем эмес террордук кылуудабыз өзүбүзгө. Эң жаманы ошондон сактанбайбыз, коркпойбуз. Өзүбүздөн коркпосок да келечек муундан, бешиктеги бөбөктөрдөн коркпойбуз. Дүйнөлүк ири мегаполистер ондогон заводдор болгон үчүн, ондогон миллион эл бир калаага тыгылган үчүн, ошондо да айрым учурларда түтүнгө кабылышат. А бизчи?! Бир чоңураак завод тыңыраак иштебей туруп «чоң айылыбыздын» аргасын таба албайбыз. Саясатка миллиондорду кетиребиз бирок ден соолук деп, эл үчүн деп кетирбейбиз. Тарбиянын башкасын берет экенбиз бирок табиятты ая деген экметти бербейт экенбиз. Батыш деп кол кесейбиз бирок батыштын башкасы эмес балдары, жаштарынча жокпуз. Саясат деп митингге чыгабыз бирок сайдагы сууну аяп, бийиктеги мөңгүнү аяп, эзели али көрө элек кайдагы океан менен деңиздин балыгын аяп кыр көргөзүп көчөгө чыга албайбыз. Биз табиятты аяганды, боорубуз оорутканды али билбейбиз. А табият бизге бат эле, тез эле жооп кылууда. Табиятка туура жолду илим салат. А илимди мамлекет караш керек, колдоп, багыш керек. А биздин мамлекеттин “колу али бошой” элек илим үчүн. 


Таштандылар! Мен ушул таштандыны 21-кылымдын демек цивилизациянын баш көйгөйү деп айтаар элем. Анткени ал бүт дүйнөдө чоң көйгөй. Бирок дүйнөнүн көбү анын маселесин оңой-жеңил чечип алышкан. Таштандыга акчаны эмес маданиятты буруш керек экен. Анткени таштанды - жашоонун, ошол өлкөнүн жүзү болууда. Маданияттын көрсөткүчү болууда. Таштандыга болгон мамиле бул – элге болгон мамилени түшүндүрүп калды. Туристтердин көзү үчүн эмес, жок, өзүбүздүн ден соолук үчүн! Бул жактын мектептеринде таштандыны кантип иргеп, кайсынысын кай жакка салаарды анан аларды кантип жыйнап кетээрин, андан ары кантип иштетишээрин, алардан кайра эмнелер жасалып чыгаарын, анын эмнеси көп пайда, эмнеси аз пайда бүт үйрөтүшөт. Мектептен үйрөтөт. Кенедей балдарга ошонун баары элестүү болот дагы таштандыга ошого жараша мамиле кылганды эртелеп үйрөнүшөт. Үйдө, эртели кеч тиш жууп аткан кезде чоргодо суу агып аткан болсо үйдөгү балдар урушуп турат: “Ата, шаркыратпай сууну токтотуп коюп жуунсаңыз!” деп. Демек, бир үйдө үч бала эстүү болсо дүйнө жүзүндө үй бүлөнүн балдарын кошо келсең миллиарддаган тонна суулар, ошончо каражат, ошончо электр энергиясы үнөмдөлүп, демек ошончо аба таза болуп турат экен да! 


Түтүндү шамал айдап кетирбейт. Аны менен келишкис мамилебиз гана кетирет. Түтүндү бороон кетире албайт бирок өлкөнү бийлегендер кетире алмак… Азайта алмак. Бирок бардыгын кайдыгерлик былк эттирбей кармап турат. Маселе мына ошол жерде. Атактуу акын Блок мындайча каймана айткан: «Пушкин Дантестин огунан өлгөн эмес. Ал болгону аба жетпей көз жумган. Акындар дем аларга аба таппай, чындык таппай, мамиле таппай өлүшөт! Ошондо жашоо маңызын жоготот» деп. Түтүндөн өлбөспүз бирок түтүндү унутуп салып бийлик түптөп аткандар, кайдыгерликтен жүрөктөрдү өлтүрүшөт. Түтүн мына ошонун белгиси… Борбордун, Бишкектин үстүндөгү. 


Женевалык кесиптешим Бенжамин айтат: «Биз табиятты коргомоюн дагы далай пандемиялар чыга берет» деп. Жапайы табиятты өрттөп, бузуп, талкалаган сайын эмне деген гана жан-жаныбарлар түнөгүнөн козголуп, адамзат жашоосуна аргасыз аралаша баштайт экен. Жөргөлөгөнү, соймологону, учканы… Жок деп, андай эмес деп айта албайсың. Мен үчүн жаныбарлар табиятындагы бир көрүнүш жүрөгүмдү дайым козгойт, таасир берет, а тургай кыйнайт. Ал жарыктык жаныбардын төрөлүшү анан да сырдуу мамилеси менен жан бериши өзүнчө эле алаамат, өзү үчүн эмес адамзат үчүн коюлуп жаткан табият сахнасындагы чоң трагедия… Алар киттер!!! Бирден эмес ондоп, жүздөп келип киттердин жээкке урунуп массалык түрдө жан бериши. Бул көрүнүш уч кыйырсыз океандын табышмагы. Бул балким өздөрүнө эмес адамзатка болгон таарыныч, үн катпай берген терең сабак. Эмнеге антип өлүшөт, бир учурда, бирден да эмес, топ-тобу, үйүр-үйүрү менен келип?! Илимпоздордун бир божомол айтымында бул «океан доошунун жабыркашы, кирдеши» делет экен. Ал табигый түрдө да болуп, эң башкысы адамзат тарабынан да жасалат экен, айталы суу түбүндөгү аскердик гидролокаторлор: суу түбүндө аскердик кеме менен кеменин же кеме менен Борбордун байланыштарынын кесепетине киттер кабылып, ошондон жабырланат дешет. Киттер менен дельфиндер ошонун айынан акустикалык көзөмөлүн жоготот имиш. Океанда суу аркылуу жүрүп турган сигналдар өтө маанилүү, өзгөчө киттер үчүн. Алар үндүн, дооштун касиети аркылуу туура жолго багыт алышат, нечен чакырым алдында арал бар экенин, же олжо-жеми жүргөнүн сезип турушат. Ошол касиетине доо кеткенде алар акыл-эсин, көзөмөлүн жоготуп, паникага кабылат, ошондон улам суу түбүндө калбаш үчүн жээкке бой урат дешет. Анан калса киттердин уруулук, туугандык, бир боорлук байланыштары адам сымал келип, баштоочулар жабыркаса калганы анын артынан ошону жасаарын айтышат… Муну жалган деп айта албассың. Адам менен табияттын байланышы биз үчүн бүтпөгөн тема болушу керек. Бүгүн мунун баарын чарчабоо темасына салганым да ушундан: табият да чарчайт, жан-жаныбар да чарчайт. Кол шилтейт. Үмүттөрүн өчүрөт. Кайдыгерликке, таш боорлукка сынат, ошого каршы экенин, жүрөгү карарганын өлүм менен, «чарчоо» менен билгизет. Өпкө кагып, дем алып чарчоо эмес: түңүлүү, бир нерседен, өздөрүнүн дүйнөсүнөн, адамзаттан, адамзат салган кесепеттерден… 


Адам чарчабайын дейт, анткени балдары бар, анткени тирилик бар, анткени тилектер бар. Бирок жашоо ушундай, акыры аны чарчатышат. Чарчоо бул жол боюна көчүк басып олтуруубу? Ошондой эле болсо эмне! Чарчоо бирок колду шилтеп ошол жолго узатадан, көмкөрөңдөн жаткырууда... Үмүттөр өчүп, эмне болсоң ошо бол деп. А бирок алыс жолдо ар түркүн жолоочу бар. Бири сени айланып өтөт, бири сага кол берип сылап өтөт а бири атайылап белчеңден тебелеп өтөт… 


 Жолоочу. Кыргыздын жакшы сөздөрү бар. Элести, философияны өзүнө кучактап турган. Ошонун бири ушул сөз – жолоочу деген. «Алыста-ан жалгыз аяк жолду бойлоп эки жолоочу келет…» дешет. Ушул сүйлөм турган турушунда кыргыздын бир өзөнүн, а тургай кыргыздын бир азабын ала жаткан элестүү узун сүйлөм. Оор сүйлөм. Жол тосуп тургандар да жолоочу. Олбуй басып келаткан да жолоочу. «Жолоочу көрсөң токтой жүр» деп бир кезде Көк дептерге жаздым эле… Ак-Талаанын Жеңиш деген айылынан өзүбүздүн айылды көздөй өйдө чыксак, жол боюнда сүйлөшүп төрт киши турат. Алардын туурасынан өтө берип рулдагы агам аларды карап, кылчактай айтты: «Эмне кылсак, токтойлубу?» деп. Бир саамга айнып барып «Мейличи, ооба, токтойлу!» дедик арттагы иним экөөбүз. Жанына барып, салам айтып учураша кеттик. Булар ушул айылдын тургундары, бададан кайтчу уйларды тосуп чет жакалап чыгышкан адамдар экен. Кыргыздар ошол замат ал-жай сурашат, кайдан чыгып кай жакты карай баратканын, кайсы эл, кайсы тектен экенин, ким экенин бөлүшөт. Ошентип тааныша келсек көрсө, дал үчөөбүз – бир туугандар үчүн табылга адам экен. Оо кудай! Ошондо билдик да, ошондо билиштик да, биз ким элек, алар ким болгонун… Төрт кишинин бири, ортоңкусу, карысы, калпакчаны, таяк кармап турганы, көзүндө өзгөчө бир жылуулук, бир сырдуу тиктеши бары көрсө ал биздин, дал ушул үч бир туугандын тагдырын бир кезде тараза кылып кармап көргөн, биздин тагдырдын таранчыдай тыбырап, чымын жан болуп туйлаганын көргөн адам экен да! Ошондон туура 45 жыл илгери атам ушул айылда бир айбандын колунан ок жеп, жерге жыгылганда ушул адам күбө болуп калып колтугунан жөлөп, машинеге салып, райборборго алып жөнөшкөн, барганча сызылып аккан канды басып, аракетин кылып барышкан адам экен да!  Бул адам көрсө биз көрбөгөн Атанын эң акыркы оозунан чыккан демин, кебин уккан адам экен да! Ошондо бул адамдын алдында жибим үзүлүп, шурудай чачырап, жан дүйнө жүзгө бөлүнүп, турган жерден өзүмдү чогулта албай, жыйнай албай, миң сыныкка чачырап сынган айнектей болуп, миң бөлүк сынган күзгүдөй болуп, миңге санаам, миңге өзүм бөлүнүп, өзүмдү таба албай, калчылдап келип араң сурап: «Агасызбы, акесизби, атасызбы, айта аласызбы, ошондо, ошондо деп, атамды сактасаңар болот беле? деп, -Эмне деди эле, эмне деген оозунан сөз чыккан эле? деп, өзүн сурап, өңүн сурап ошондогу, абалын сурап… Оо сен кудай, аңгыча Жеңиштин этегине күүгүм кирип, бададан уйлар кайтып, агабы, акеби, атабы алиги киши сөзүн улап: - Ошондо мына так ушундай күүгүм кирген маал эле, - десе мен кылчайып Жеңишти карап, айылдын үстүндө, асманында кайдадыр чачылып үмүттөр дале калгансып, көздөрүм жайнап, азыр мына айылды аралап катуу чуркасам ажалды жетишип кармап калчудай болуп, желкеден алып жерге жыгып, ажалды жеңип салчудай болуп, Баетовго бараткан тээ ак кыядан советтик УАЗиктин караанын көргөнсүп, анын, тып-тып этип дөңгөлөгүнөн кан тамгансып… 45 жыл 45 ирмемче бир заматта бери түрүлүп, мени ийнимен силкип коюп, «Эй!» деп булкуп коюп, кайра ары түрүлүп, ошондо мени тамашага салды тагдыр..!


Көпкө туруп, жакшылап жакын таанышып, дарек алышып, төрт киши менен кош айтыштык. Дөөтүбүз айылды көздөй жөнөдү. Шагыл жолдо дөңгөлөктөр шуудурады. Терезеден талаалар, тоолор өттү. Капыстан бир ой кылт деп: «А эгер ушул үч жолоочуга токттобой өтсөк не болмок?» деп, жүрөк шуу этип, таякчан киши, кайып болуп кезиккен киши, ата тагдырдын бир кемтигин толтурдуңбу же анын бир жарасын кайрадан ачып кеттиңби сен? Карыздармынбы, атаңдын акыркы сөзүн уккан кишиге?! Же сен билесиңби кандай карасантайлыктан, канчалык таш боордуктан атам ошондо киши колдуу өлгөнүн!?  Дегеле адам тагдыры топ таштай чачылып өтөт, жылдыздай чачырап өтөт. Алардын арасынан өзүңдү жыйнап алыш, керектүүңө кезигиш ал сенин бешене, жылдызыңан, оң келчү жолуңан деп билем. Ошондон кийин жолдо турган жолоочуга токтоп өтөм деп өзүмө сөз бердим, ошондон кийин муңайым көздүү карып турса абалын сурап өтөм дедим, ошондон бери узак жолдо баратып ким бирөөнү акмалап издөөчү болдум, дагы бир тагдырлашым жол тосуп же жол жүрүп баратпасын деп, алар дагы бизди унуткан тагдырдын бир барагын жонуна көтөрүп жүрбөсүн деп, жолдогу адамдарды карачу болдум… Издечү болдум. Сен да ошент тууган, кайда жүрсөң акмалай жүр, жолоочу көрсөң токтой жүр, же сен же «ал» тагдырлаш чыгып жүрбөсүн… Тагдырлаш болуп жүрбөгүн…


Жеңишбек Эдигеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн