Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Биздин өкмөт эл алдында 1-жолу отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырды, - Абылгазиев

16.06.2020 15:54
922
Биздин өкмөт эл алдында 1-жолу отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырды, - Абылгазиев


Биздин өкмөт 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган өкмөт болду. Бул туурасында экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушууда билдирди.


Ошондой эле ал 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган өкмөт болгонун, андан тышкары антикризистик бюджетти бекиткендерин белгиледи.

 

Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болдук. Ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сом болсо, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же өсүш 114 млрд сомго көбөйдү (+20%). Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго чейин жеткирүү болжолдонгон», - деп билдирди экс-премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн