Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Бизге акча албай жана бербей аттанууга даяр болгон муун келгенде гана таза шайлоо болот, - Манас Осмон

06.04.2021 18:10
804
Бизге акча албай жана бербей аттанууга даяр болгон муун келгенде гана таза шайлоо болот, - Манас Осмон

 

Бул жолку жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо таза өтөт деп ишене албайм, деди журналист Манас Осмон бүгүн, 6-апрелде “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирген комментарийинде.


Анын айтымында, Бишкек жана Ош шаарларындагы жергиликтүү кеңешти шайлоого катышкандар жана үгүт-насаат иштерин жүргүзгөндөр менен иш алып барган журналист катары баам салуусу боюнча шайлоо таз өтөт деп ишенүүгө болбойт.

 

“Мисалы, Ошто айрым саясий партиялар “бизге добуш бергиле, бизди колдогула, артыбызда баланча саясатчы турат” деген өңүттө үгүт кампаниялары жүрдү. Айрым мамлекеттик кызматкерлерге дагы ушул маанайда айтылды. Керек болсо шайлоого катышкан партиялар өздөрү билдирип жатышат. Ушул өңүттөн алып караганда Бишкекте эле эмес, аймактарда дагы шайлоочуларга чай берүү, сыйлоо сыяктуу паралоо аракеттери жүрүүдө. Ошондуктан мурдагы адаттар кайра эле кайталанып жатканын байкоого болот”, - дейт Манас Осмон.


Добуш сатып алуу маселелерине талапкерлер эмес, коом күнөөлүү деген, пикирди айтат журналист: “Себеби, кээ бир жерлерде кабаттуу үйлөрдүн тургундары талапкерлер менен жолугушканда “канча акча бересиңер, эмне кылып бересиңер” деп ачыктан-ачык сурап жатышканын домкомдор айтышууда. Мен ойлойм, бул коомдун жарасы. Муну кантип оңдош керек? Албетте, буга көп процесстер керек. Америка, Европадагыдай эркин шайлоо өткөрүү үчүн ошол мамлекеттер басып өткөндөй, бери жагы 100 жыл керек. Бизге акча албай жана бербей шайлоого даяр болгон муун келгенде гана таза шайлоо болот”, - деп кошумчалады Манас Осмон.

 

 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Парламенттигин деле шайлоон ушундай отот.Ел сатылганга дайым даяр.Анан ыйлайт жашоо оор деп.