Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бизнес сунуштаган бир дагы демилге көңүл буруусуз калбайт, - Өкмөт

10.04.2020 11:43
926
Бизнес сунуштаган бир дагы демилге көңүл буруусуз калбайт, - Өкмөт


Биз мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын олуттуу кыскартуубуз керек деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешмеде.

“Биздин башкы милдетибиз - жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө жана өз убагында аткаруу жана бизнести колдоо", - деди өкмөт башчы. 

Муну менен бирге премьер-министр экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнести кошумча колдоо жана экономиканы узак мөөнөттүү жана арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи. 

Өкмөт тараптан кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүү пландалууда. Бүгүнкү күнү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын пакети иштелип чыгыт.

«Бизнес тараптан сунушталган бир дагы демилге көңүл буруусуз калбашы керек. Экономиканы колдоо боюнча чаралардын планына киргизилген бардык сунуштарды тыкыр талдап чыгуу кажет. Бүгүн ата мекендик экономиканы кайра ишке киргизүү жана бизнести колдоо өзгөчө мааниге ээ. Өкмөт жана мамлекеттик органдар жарандар менен ишкерлер үчүн ачык иштөөгө тийиш. Бул биздин жалпы милдетибиз. Биз жарандардын жана ишкерлердин проблемаларын талкуулоодо бекинип албай, ар бир маселени жекече тартипте, ыкчам чечип берүүгө жетишибиз керек. Бул айрыкча фискалдык органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин аягында премьер-министр сунушталган чаралардын натыйжалуулугуна жана экономикалык активдүүлүгүнүн калыбына келүү сапатына, алардын бюджеттин ресурстук бөлүгүн аткарууга тийгизген таасирине талдоолорду жүргүзүп чыгууну тапшырды. 

Ошондой эле баарынан мурда учурда ыкчам иштөө маанилүү экени, өтө жакынкы аралыкта бардык сунушталган чараларды толуктап иштеп чыгып, экономиканы колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин бекитүү зарылдыгын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн