Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бизнесиңизди улам текшерип жатабы? Башкы прокуратурага кайрылыңыз

27.02.2021 08:05
594
Бизнесиңизди улам текшерип жатабы? Башкы прокуратурага кайрылыңыз

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн ишеним телефонун ишке киргизди. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура президент Садыр Жапаровдун «менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү» жарлыгын аткаруу максатында (0312) 88-90-33 ишеним телефонун ишке киргизди.


Ишеним телефону жеке ишкердик субъекттеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн