АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ НАТОго мүчө өлкөлөргө Украинага согуштук учактарды жеткирүүгө макулдук берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары Блинкендин кайрылуусуна таянып билдирди.
Блинкен мындай чечим Зеленскийдин АКШ парламентинде кайрылуу жасагандан кийин кабыл алынган.
"Биз НАТОго мүчө өлкөлөргө Украинага согуштук учактарды (истребителдерди) жеткирүүгө макулдук бердик.
Азыркы учурда Польша менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар согуштук учактарды Украинага жөнөтсө өздөрүнүн да коопсуздугу сакталат",- деди Блинкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн