Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Блогер Улукбек Карыбек уулу убактылуу кармоочу жайга камалды

Блогер Улукбек Карыбек уулу убактылуу кармоочу жайга камалды


Блогер Улукбек Карыбек уулу убактылуу кармоочу жайга камалды. Ага “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Белгиленгендей, 7-июль күнү саат 14:35 чамасында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө облустар аралык оорукананын төрөт бөлүмүнөн аларга белгисиз журналист келип, баарын видеого тартып, дарыгерлердин ишине тоскоолдук кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.


Блогер - журналист Улукбек Карыбек уулу ооруканада экени жеринде аныкталган. Аны ооруканага киргизбей, бардык себептерин айтышкан.


Кийинчерээк саат 19:30-20:00 чамасында блогер эки досу менен төрөт үйүнүн арткы эшигин талкалап кирип, алар имаратка, төрөт үйүнө киришкен.


Ошол эле учурда алар санитардык нормаларды бузуп, халатсыз, беткапсыз болгон.


Дарыгерлер аларга санитардык нормаларды бузуп жатышканын, кирүүгө тыюу салынганын түшүндүрүшкөн. Бирок журналист жана анын командасы дарыгер Жабар уулу Эрмектин колун кайрып, дарыгер Аксана Жумабекованы түртүп жиберишкен. Ал башы менен дубалга тийген. Журналист төрөт үйүнүн экинчи кабатына чыгып, Ж.Д. аттуу аялдан интервью алып, андан соң дагы ондогон жаңы төрөгөн аялдардан интервью алган.


Натыйжада ооруканага 36 996 сомдук зыян келтирилген.


Жабыркаган дарыгерлерге карата жаракаттын оордугун аныктоо үчүн экспертизалар дайындалды.


Бул окуядан кийин төрөт бөлүмүнүн башчысы жана 20 бейтап видеокайрылуу аркылуу блоггерге каршы чара көрүүнү суранышкан, анткени ал санитардык нормаларды бузуп, анын айынан жаңы төрөлгөн балдар ар кандай инфекцияларды жуктуруп, ооруп калышы мүмкүн эле.


Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.


Блогер Улукбек Карыбек уулуна "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн