Блогер Улукбек Карыбек уулу жол эрежесин бузгандыгы үчүн 15300 сом айып пул төлөйт. Бул тууралуу блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Блогер өзүнүн жол эрежесин бузгандыгын мойнуна алып, МАИ кызматкерин чакырган.
МАИ кызматкери ага каршы тилкеге чыккандыгы жана коопсуздук курун такпагандыгы үчүн 15300 сом айып пул салган.
Улукбек Карыбек уулу Билим берүү жана илим министрине келип, шашылыш унааны каршы тилкеге койгонун айтып, мыйзам алдында ким ката кетирсе жазасын төлөш керектигин белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн