Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:32
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Афтандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

27.05.2020 16:59
980
Афтандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду


Фейсбук тармагындагы Беспрдел кг баракчасынын ээсине козголгон кылмыш иши жабылды. Бул тууралуу Афтандил Жоробеков өзү социалдык тармакка жарыялады.

 

Баракчанын ээсин социалдык тармакта жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратты деп жазык кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (“Аймак аралык кастыкты козутуу”) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган болчу.

 

Анын айтымында, козголгон кылмыш иши жабылганы тууралуу расмий кат келген.



“Бул кылмыш иши силердин колдооңор болбогондо такыр башка нукка бурулуп кетээри анык эле. Эмнеге мен мындай айтып жатам?
Мен айтпай эле коёюн мага биринчи күндөрү абакта отурганда кандай гана кысымдар болгонун. 4-5 күндөн кийин гана коомдо жана соцтармактарда чоң нааразычылык жаралганда мага болгон мамиле өзгөрдү”, - деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн