Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Блокпосттордон өтүүдө текшерүүлөр күчөтүлөт

16.04.2020 18:48
975
Блокпосттордон өтүүдө текшерүүлөр күчөтүлөт


Карантиндик аймактардагы блокпосттордон айдоочулар жалган айтып өтүп жатканына байланыштуу документтерди текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирүү таратты.


Маалыматка ылайык, айрым айдоочулар жарандарды ооруканага алып баруу же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирүү шылтоосун айтып өздөрүнүн жеке иштери менен жүрүшүүдө.

 

Мындан улам, Бишкек шаары боюнча кайгуул милиция инспекторлору жолдордо коопсуздукту камсыздоо максатында жол кыймыл эрежелерин бузууну алдын-алуу жана токтотуу профилактикалык иш-чараларын жүргүзүшөт.

Төмөнкү документтерге текшерүү жүргүзүлөт:


- өздүгүн тастыктоочу документ;

- иштеген, жашаган жеринен маалымкат;

- маршруттук баракча;

- айдоочунун күбөлүгү;

- унаа документтери;

- адистик өткөрмө.


Ошондой эле, текшерүүлөр “Коопсуз шаар" боюнча төлөнбөгөн айыптарга жүргүзүлөт. Атайын төлөбөй жүргөндөрдүн автоунаалары айып төлөнүүчү жайга токтотулары айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн