Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

«Боинг» компаниясы Кыргызстанда авиация тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташат

01.10.2021 10:48
1462
«Боинг» компаниясы Кыргызстанда авиация тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташат

Америкалык «Боинг» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтешет. Бул тууралуу  Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.


Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев 30 -сентябрь күнү АКШнын айтылуу «Боинг» компаниясынын Эл аралык саясат боюнча директору Брайан Лоп, аталган компаниянын Евразия боюнча аймактык директору Марио Антонио Эбсим жана коммерциялык директору Волкан Эсер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев Кыргыз Республикасы Евразия континентинин жана Борбор Азия регионунун так ортосунда жайгашкандыктан келечекте кыргыз улуттук авиа тармагын өнүктүрүп аны чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө карай жүктөрду жана жүргүнчүлөрдү ташуучу борборго айлантуу тууралуу сунушун ортого салды. 


Ал эми «Боинг» компаниясынын өкүлдөрү элчинин айткандарын колдошуп, келечекте кыргыз авиа тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу боюнча өздөрүнүн фактыларга негизделген маалыматы менен тааныштырышты. Жолугушуунун соңунда, анын катышуучулары ушул жылдын октябрь айынын соңунда Кыргыз Республикасына иш сапары менен барып, расмий бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуу тууралуу жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырышты.  


Боинг компаниясы - америкалык авиация, космостук жана аскердик техниканы өндүрүүчү дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Компаниянын заводдору дүйнөнүн 67 өлкөсүндө жайгашкан. Компания өз продукциясын дүйнөнүн 145 өлкөсүндө сатат. Боинг дүйнөдөгү 100 өлкөнүн жүк ташуучу 5200 компаниялары менен жакындан кызматташат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн