Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бокем биздин үй-бүлөбүздүн легендасы

22.06.2021 10:07
1487
Бокем биздин үй-бүлөбүздүн легендасы


Бокем биздин үй-бүлөбүздүн легендасы. Оюмда илгери Манаста айтылган баатырлар кандай эр жүрөк болсо биздин үй бүлөнүн ырыскысына ошондой баатырдан бирди энчилесе керекпи. Кадимки Эр Эшимдин урпагы Шер Болот.


Шердей өмүр сүрдү Шердей кете берди. Туптуура бир жыл мурун Болот үзүлгөндө эшикке чыгып карасам күн тутулуп баштаган экен анда дагы Бокемдин касиетине бир ынандым, ошондо асманда да күн тутулуп биздин жан дүйнөбүздө аңтар теңтер да күн тутулуп жатты…


Шайлообек байкенини ушул ырын аягына чейин түк окуй албай койдум ашып кетсе алты саптан кийин көзүм коюланып кетет. Канча аракет кылсам да болбоду мүмкүн биз айталбаганды Шакем айталдыбы акын айталдыбы…


Болот! Боке!   

Бийиксип жаткан Опол Тоо,

Биздин шер эле, ошол Шер,

Биздин тоо эле Ошол Тоо!!!

Кантели! 

Кош эми, Боке, жалганда

Ажалга айла жок экен.

Апкетээр маалы келгенде,

Асманга чыга качсак да,

Айныбай тийчү ок экен.

Желеги түшүп кыргыздын

Жер муштап турган чагыбыз.

Жеткирбей жексур ажалга,

Жетелеп алып кеткенге

Жеталбай койду алыбыз.

Келбеси кетип кыргыздын,

Кетилип турган чагыбыз.

Кешигиң каткан ажалдан,

"Келе!" деп суурап алганга

Келалбай койду алыбыз.

Какшаткан өлүм башта бар,

Кашайткан кезде сезербиз.

Кара баш канчоо болсо да,

Кайтканда жалгыз экенбиз.

Кадыркеч кайран дүйнөдөн,

Капылет "жалп" деп этербиз.

Карараган көргө башбагып,

Карарган чымды жазданып,

Калкылдап өтүп кетербиз.

Айланган өлүм башта бар,

Ай баткан кезде сезербиз.

Атадан алтоо болсок да,

Ажалга жалгыз экенбиз.

Ак жаркун ушул дүйнөдөн,

Акырет жайга этербиз.

Алты кез жерди жай кылып,

Аразат көрдү там кылып,

Ай-Күнсүз жайга кетербиз.

О, Боке!

Күүлөнүп ажал келгенде,

Күн туруштук бербептир.

Гүлүстөн бейиш үстүндө,

Гүл туруштук бербептир.

Түпкүргө түшө жашынган,

Түйшүктүн баарын жашырган

Түн туруштук бербептир.

Алкынып ажал келгенде,

Ай туруштук бербептир.

Сандаган дайра, сан өзөн, 

Сай туруштук бербептир.

Кара боор ажал келгенде,

Каныкей салган жай калып,

Кайыгып тили байланып,

Кареги тетир айланып,

Кабылан Манас кадимки,

Кан туруштук бербептир.

Качырып ажал келгенде,

Каалаган жакка безалбай,

Капкаңа качып кеталбай.

Кара көз кайран жашоонун

Каларын эми сезалбай.

Каректен калбыр жаш кулап,

Канатын Айга чапкылап.

Калканыч тапппай андан да,

Капкагын Жердин каккылап,

Кантели, Боке, ажалга,

Кадимки,

Жане туруштук бербептир.

Желмаян минип кезалбай,

Жел жеткис жакка безалбай,

Денесин катаар жай издеп,

Деңизге түшүп кеталбай.

Кулагын катаар жай издеп,

Куюндап көккө жеталбай.

Кумсарган кумду тешалбай,

О, Боке,

Жегени келген ажалга,

Жел туруштук бербептир.

Жексендеп топон суу алган

Жер туруштук бербептир.

Кечээ,

Ааламга салган үйөрдөй,

Аттанып чыкса түмөндөй.

Арбагы кымбат Манасты,

Алты жыл айтса түгөнбөй.

Жер-сууга батпас үйөрдөй,

Жекеге чыкса түмөндөй.

Жетеси кымбат Манасты

Жети жыл айтса түгөнбөй.

Жайылып ырын төккөндө,

Жай калбай түздөн, белестен,

Жараткан Жердин үстүндө,

Жан калбай ага теңешкен.

Жанкечти Манас өзү да,

Жактырып өзү кеңешкен.

Жамгырлап турган зор акын,

Жайсаң да өткөн элестен.

Ыргалып ырын төккөндө,

Ырп этер жан жок белестен.

Ыңкыган көктүн астында,

Ырчы жок ага теңешкен.

Ырыстуу Манас өзү да,

Ыргалып кебин кеңешкен.

Ырына сактап кыргыызды

Ырамындын уулундай,

Ырчынын залкар кени өткөн.

О, Боке,

Кубарткан дагы сөз болгон,

Кубанткан дагы сөз болгон.

Кудайдан түшүп келгендей,

Куюлуп келип кыргызга,

Кубулуп кеткен кыргыздан.

Кундан жок берен көп болгон.

Кууратып ажал келгенде,

О, Боке,

Кургурдун баары адашып,

Кумайга сиңип баратып,

Кумсарып баары чөп болгон!

Карачы,

Кагылып сааты жеткенде,

Канатка ажал тепкенде.

Карагат көзүң кашайып,

Кайтаар кез келип кеткенде.

Кагыны катуу өлүмдөн

Качалбайт тура эч пенде.

Асманда күндөй ачылган,

Ааламга нуру чачылган.

Аптаптуу жолдо жүргөндү

Ак жамгыр ырга чакырган.

Сырттаны эле ырчынын,

Сыртына баарын жашырган.

Сыр Дайрадан чоң сууну

Сыр аякка батырган.

Сыйыртмагын ажал салганда,

Сыз баскан көрдүн түбүнө,

Сызылып барып жашынган.

Сый көрүп келчү немедей,

Сыныгын таппай кенедей.

Сыйпалап калдык тим эле,

Сыздатып кетти ченебей.

Артыгы эле акындан,

Акылын башка жашырган.

Ааламдын аккан дайрасын,

Алладан бүткөн Жерге эмес,

Алаканга батырган.

Арканын ажал салганда,

Ашкере залкар Жеңижок,

Аң уулап кеткен мергендей,

Ай жатпас көрдүн түбүнө,

Аргасы жоктон жашынган.

Адалдан түк жок тергендей,

Аңгырап калдык ошондо,

Ак таңдай кайран Өтө эмей,

Аксыны бүтүн бергендей.

Таңшыган акын Өтө эмей,

Таласты бүтүн бергендей.

Караңдап булут капталдан,

Карыгып акты булагы.

Каршыгып келген ажалдын

Кайгылуу беле сурагы?

Капка Эли уулун жоготуп,

Кан какшап калган убагы.

Кадырын билген жандарга,

Капканын эле уулу эмес,

Карарып күйгөн намыска,

Калкымдын уулу кулады!

Талыкшып булут тектирден,

Тартылып акты булагы.

Табалап келген ажалдын,

Таалайсыз тура сурагы.

Табына ташты өрттөгөн,

Таластын өчүп ыраңы.

Таасирин билген жандарга,

Таанымал Болот Шер тургай,

Таластын уулу кулады!

Чолпону көктө жаркырап,

Чокусун жылдыз өпкөн жер.

Чолпусу жарык мөңгүнүн

Чоюлуп булут өткөн жер.

Чоң Маймак, Капка, Манас Тоо,

Чолпонбай, Чыңгыз өткөн жер.

Чогуусу менен ал калды,

Чоң-кичүү далай жан калды.

Каныкей ашкан бел калды,

Кан Манас баскан чер калды.

Кайгырып балдар-кыздарың,

Катарлаш өскөн тең калды.

Капканын Кичи, Чоңу да,

Калк сүйгөн кмбат Жер калды.

Кантели, Боке артыңда,

Кадырың сыйлап алуучу,

Канатуу иниң Садык-Шер,

Калдайган кыргыз эл калды.

Шерттешкен ыйык бел калды,

Шер Манас баскан чер калды.

Шериктеш ага, инилер,

Шерине жешкен тең калды.

Шербетин татып дүйнөнүн,

Шердентип турган жер калды.

Шердигиң, Боке, өчүрбөй,

Шедевр иниң Садыктай,

Шердентип турар Эр кылды.

Алыбыз жетсе ажалга,

Арбактын баарын тиргизип,

Ардактап үйгө киргизип,

Апкелебейт белек бүт кайра,

Анте алчу, Боке, күч кайда?

Ааламды тинтип чыксак да,

Андай жок тура бүт жайда!

Серпилип ажал серпкенде,

Секиде жаткан чал өткөн.

Семирип турган бийликке,

Селт этпейм деген кан өткөн.

Сексенге жашы жетпестен,

Сегизге чыккан бала өткөн.

Кечээ,

Каркыра кетип казакка,

Кайран Көл туйлап кирдеген.

Кайраным Боке, ошондо,

Кара жал Докем экөөңдүн,

Канжалап көөнүң зилдеген.

Кара бет чоңдор ошондо,

Катындар менен койгулап,

Калайман салып тилдеген.

Калкынын тийип каргышы,

Как жатын болуп каларын,

Кан кускур алар билбеген.

Туулган жер кетип казакка,

Тунук Көл туйлап кирдеген.

Туйгунум, Боке, ошондо,

Тумарың Доке экөөңдүн,

Тумучугуп көөнүң зилдеген.

Тукуму менен койгулап,

Тукурма чоңдор тилдеген.

Тукумдун тийип каргышы,

Тукумсуз болуп каларын,

Туз урган чоңдор билбеген.

Кош эми, Боке асылым,

Коргошун элең, Эр элең.

Кор кылбай элдин намысын,

Кортопой жүргөн Шер элең.

Эстүүлөр элсиз калганда,

Ээрчитип кетч эр элең,

Элим деп чындап күйгөндүн,

Экөөнүн бири сен элең!

Эми,

Куужолтой ажал кайда жок,

Кур кайгы менен пайда жок.

Кулпулап турар Чоң Капкаң,

Эми, 

Курандан башка айла жок!


Садык Шер-Нияз

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн