Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 22:20
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Бөкөнтаев Эл аралык валюта фондунун Вашингтондогу жыйынына катышты

28.04.2022 17:19
458
Бөкөнтаев Эл аралык валюта фондунун Вашингтондогу жыйынына катышты

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Эл аралык валюта фондунда Кыргызстандын атынан башкаруучу катары АКШнын Вашингтон шаарында болуп өткөн Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жазгы жыйынына катышты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.


Жазгы жыйындын алкагында КР Улуттук банкынын төрагасы бир катар жолугушуу өткөрүп, анын ичинде ЭВФтин тескөөчү директору Кристалина Георгиева, тескөөчү директордун орун басары Бо Ли, ошондой эле Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Т.Йордан менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде ЭВФ жана Швейцариянын Улуттук банкы ортосунда мындан ары кызматташуу жана өз ара иш алып баруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн