Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 04:50
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Боксчу Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

29.08.2022 10:49
830
Боксчу Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

WBA версиясында бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.


Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чара мекеме-ишканалардын, шаардык кызматтардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктардын, бокс күйөрмандарынын катышуусунда өттү.


Ардактуу наамды Дмитрий Биволго шаар мэри Урматбек Самаев жана шаардык кеңештин төрагсы Т.Сансызбаев тапшырды.


Өз кезегинде, Дмитрий Бивол Токмок шаарында туулуп-өскөндүгүнө сыймыктанарын айтты. "Рахмат, менин мекенимде сүйүктүү ишимде жетишкен натыйжалар ушунчалык жогору бааланганына кубанычтамын", - деди чемпион.


Андан соң, ал мурда өзү машыккан Жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебиндеги бокс залына барып, келечектеги жаш спортчулар менен жолугушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн