Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 10:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Садыр мырза, жыргатты эле жыргатты, кыйратты эле кыйратты дедиртип мактаттыруудан алыс болуңуз

11.01.2021 08:50
673
Садыр мырза, жыргатты эле жыргатты, кыйратты эле кыйратты дедиртип мактаттыруудан алыс болуңуз


Садыр ага! 


Бу тапта сизди "жеңди!" деп ураалаган эле киши. "Биз чуркап жүрүп жеңдирдик!" деп жеңиштин эйфориясына балкыган фанаттар андан көп. "Көрөсүңөр, бу Садырың  көп өтпөй өзү да аңга кулап, өлкөнү да кууратат!" деп болжогондор да бар экен. "Буюрса мамлекетти саздан сууруп чыкчу лидер келди!" деп сизге ишене, чындап эле кубанып асманга салют аттыргандар жүрү. "Момундай кыл, момундай кылба" деп кеңеш, акыл, сунуш айтып жол көрсөткөн каалоолор кат куржунуңузга толуп кетти болуш керек...


Элге маалымат жеткирүү, теле тармагында иштеп жаткан соң, мен да ушул жаатта сизге азыноолак сөз айтып койсом деп турам. Мүмкүнчүлүктүн болушунча, маалыматтык саясатыңызды өзгөртүңүз. Мурунку ажолордун ошол жактарын кайталабоого белсенип жатканыңыз жакшы, аны менен катар маалыматтык саясатка маани берип, баскан-турганыңызды, сүйлөгөнүңүздү, чогулуш-жыйындарыңызды элдин салыгынан каржыланган мамлекеттик телевидениелер аркылуу "жыргатты эле жыргатты! кыйратты эле кыйратты!" дедиртип күн алыс мактатып көрсөттүрүү эффективдүү эмес экенин соцтармактагы маалыматтык технологиянын демин жакшы түшүнгөн киши катары эске аласыз деген ойдомун. Тим койсоңуз, "лидердик образыңызды элге сүйкүмдүү кылып сунуп туралы, гитара черттирип автордук ырларыңызды альбом кылып теледен көргөзүп туралы, жума намазга барганыңызды крупный план менен камерага тартып ыймандуулугуңузду элге билдирип туралы, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясы тууралуу китеп жаза салсаңыз аны презентация кылып, төгөрөк үстөлдөргө илимпоздорду  чакырып дискуссия кылдыралы, күлүктүн күлүгүн мингизип  көкбөрүгө катыштырып сизди эл тамшанган баатыр кылып чыга келгидей кылалы.." деген сыяктуу  лидерди даңазалоонун даяр рецептерин астыңызга жая салышып анан "мамтвлар аркылуу калктын жүрөгүнө уялатып туралы" деген сунуштар болсо ошолордон баш тартыңызчы. 


Элдин салыгынан жашаган телеканалдар президентти калп даңазалап элдин кыжырын келтирген аянтчага айланып кетпөөсүнө, "улуу урматтуу Садыр Нургожоевич эң туура кылып атат, бу киши кылымда бир жаралчу алтын адам экен" дедиртип өңчөй бийликти эле мактап-жактай берген кишилерди чогултуп алып кужурашып олтура берчү теле клуб болуп кетпөөсүнө сиз да көз салып, медиа кенешчилериңиз ошондой жолду "эң туура" деп кулагыңызга миң шыбыраса да "жок андай болбойт" деп үстөлдү муштап туруңузчу. Мамлекеттик теледеги ар бир эфир бийликтеги жана оппозициядагы ар кыл альтернативдүү идеялар, көз караштар, пикирлер айтылып туруучу эркин талаа болуусуна сиз да өзүңүз тараптан салым кошуңузчу. 


Система "президенттик" деп аталабы же "парламенттикпи" эл ишенип шайлаган президенттин жан дүйнөсү, жеке сапаттары, адамгерчилиги саясатта чоң мааниге ээ экендигин, мурункулар кетирген осолдуктарды кетирбей койсо да болоорлугун, коомдун аң сезиминде катып калган стереотиптерди сындыруу мүмкүн экенин, адамдардын жүрөгүндө "бизге ким президент болсо да баары бир жыргатпайт" деп тоңуп калган музду ээриткен үмүттүн үрөнү сизде бар экенин көзгө "жарк" этип көргөзүңүзчү. "Космикалык ылдамдык менен Түркмөнстанга айланабыз..." деп божомол кылгандардын прогнозун таш каптырып, ошонун тескери вариантын далилдеп, бүт тармакта ачык, эркин реформага бет алган кадамдарды жасап оозду ачырыңызчы. 


Алеки заматта абактан чыгып, көз ачып жумгуча премьер да болуп, президенттин да милдетин аткарып берип, анан шайлоого катышып, натыйжада атаандаштардын баарынан көп добуш алган чарт-чурт тагдыр сизге дале түш сыяктуу болуп жаткандыр? Көп добуштун ичинде "эми буюрса жашообуз оңолоор" деген үмүттөр, "оңосо ушу киши оңоор" деген аруу ишеничтер жатканын да жоопкерчилик менен сезип жатсаңыз керек? Ким билет, жеңилүү да, жеңиш да Кудайдын жазмышыдыр... Балким сиз абакта жаткан күндөрдө, жакындарыңызды биринен сала бирин о дүйнө узатканда ошол маркумдарга, маркумдардын жанын алып кеткен Кудайга убада берип "мен буюрса өлкөм үчүн сөзсүз минтем, сөзсүз антем" деп улуу максатты койгондурсуз. Бу шайлоо күрөшүнүн башында эле жеңиш кимдики болоорун элдин көбү түшүнгөн.  Телелердеги сизди даңктаган роликтерсиз эле, көчөлөрдө бакыя илинген баннерлерсиз деле, туш тараптан жандай чуркаган кошоматчылардын төшөгөн "пахталарысыз" деле жеңишке жетээриңизди, айтор тагдырдын тайкүлүк ташы сизге карай ооп турганын өзүңүз деле билгенсиз. 


Сиз президенттикке расмий киришкенден баштап бүтүндөй кыргыз элинин үмүтү, сизге ишенген авансы үчүн жан үрөп баштооңуз керек болот. Ошол улуу максатты ишке ашырууда  "абактан чыгарыштым эле", "кымбат куртка кийгиздим эле", "калпак тебетей, тон жаптым эле", "шайлоодо үгүтүнө чуркадым эле.." дегендер бутуңузга оролуп бура бастырбай, жолуңузга жолтоо болбойт деп тилек кылалы!


Сизге ийгилик каалап 


журналист Эрнис Кыяз


Редакциядан: Автордун макаласы өзгөртүүсүз берилди

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн