Бугу 22, 2025
Убакыт: 23:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Болот Шер дүйнөдөн кайтты

21.06.2020 14:25
1283
Болот Шер дүйнөдөн кайтты


Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Болот Шер ооруканада көз жумду. Бул туурасында маркумдун жакындары тастыктады деп жазды sputnik.kg сайты.


Экс-депутат Болот Шер инсульттан улам 12-июнга караган түнү Улуттук госпиталга жаткырылган. Ошол учурдан бери ал комада болгон.


61 жаштагы кыргыз саясатчысы, экс-депутат Болот Шер Убактылуу өкмөттүн учурунда ИИМдин башчысы, парламенттин мурдагы вице-спикери болуп иштеген.


Ал 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Пушкин айылында туулган. Артында эки уул, эки кызы калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн