Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Болот Темиров өлкөдөн чыкпоо шарты менен бошотулду

23.01.2022 12:08
608
Болот Темиров өлкөдөн чыкпоо шарты менен бошотулду

Тemirov LIVE телеканалынын журналисти Болот Темиров өлкөдөн эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу 23-январда ички иштер министрлигинин өкүлү Сапарбек Аманкулов митингге чыккан жарандардын алдында билдирди.


ИИМдин имаратынын алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынчтык митинги өтүүдө. Ага журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып жатат.


Белгилей кетсек, кечээ иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын чөнтөгүнөн баңгизат табылганы айтылган. Кийинчерээк наркологиялык экспертиза дайындалып, Темировдон баңгизаттын курамы табылган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн