Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Болот Темировду колдоо митингинен кийин сабалган эки жаран боюнча милиция түшүндүрмө берди

24.01.2022 13:50
857
Болот Темировду колдоо митингинен кийин сабалган эки жаран боюнча милиция түшүндүрмө берди

Бишкекте 24-январь саат 00:05те Чүй  көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка чейин жетти. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.


ИИМдин кызматкерлери, коомдук тартипти бузгандарды Бишкек шаарынын Ленин РИИБине жеткирген. Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБине катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ш.Н. жана Н.А. аттуу жарандар Калык Акиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен Т.С. аттуу жарандын денесине жаракат келтирген. Т.С. жогорудагы адамдардан качып, Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан ИИМдин кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.


Милиция аларды кармагандан кийин Т.С. жазуу жүзүндө арыз берүүдөн жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Жеткирилген адамдардан да түшүнүк кат алынып, андан соң алардын баары дароо бошотулган.


Учурда катталган материалды текшерүү иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн