-90-жылдары милиция менен демократиялык кыймыл тыгыз иштешет эле. Мындай пикирин коомдук ишмер Болот Жанузаков "Азаттык" үналгысынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 90-жылдары абал кайсы тарапка ооп кетет деген коркунуч болгон.
"Мен ИИМдин Чүй облусу боюнча башчысы, орун басары болуп турганмын. Ошол кезде демократиялык кыймылынын мүчөсү Казат Акматов, Топчубек Туйгуналиев сыяктуу адамдар эле. Мен алар менен жеке отуруп милиция силерге туура эмес кадам кылсаңар тийбейт. Силер да туура эмес жолго барып , элдин тынчын албагыла дегенмин. Ошол кезде милиция менен демократиялык кыймыл тыгыз иштешкен",- деди Жанузаков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн