Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Болсонару карантинден тажады

06.06.2020 17:57
840
Болсонару карантинден тажады

 

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару: “Эгерде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөдө карантинди узартууну талап кылса, биз уюмдун катарынан чыгабыз”, - деп билдиргендигин Интерфакс маалымдады.


Эске салсак, уюмдун өкүлү Маргарет Харрис коронавирус жуккандардын саны 600 миңден ашып, дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунга чыккан Бразилия пандемияга байланыштуу чектөө чараларын алууга шашылып жаткандыгын Женевадагы пресс-конференциянын жүрүшүндө эскерткен.


Бирок, президент Жаир Болсонару коронавирус кадимки сасык тумоого салыштырмалуу коркунучтуу эмес деп эсептейт жана карантиндик чараларды киргизүүгө каршы.


Ал эми Вашингтон университетинин илимпоздору Бразилияда коронавирустан каза тапкандардын саны августтун башталышына карата 125 миңге жетиши мүмкүн деп болжошууда.


Баса, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беткаптарды тагынуу боюнча өз позициясын өзгөрттү деп ВВС билдиргендигин кошумчалай кетели. Пандемиянын башталышында беткапты коронавирус жуккан бейтаптар гана тагынышсын, башкалар колду тез-тез жууп турушсун деп кеңеш берген уюм эми коомдук жайларда беткап менен жүрүү жалпыга милдеттүү болсун деп өкмөттөргө кеңеш айтууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн