Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Болтон президенттик шайлоодо Байденди колдой турган болду

22.06.2020 16:08
878
Болтон президенттик шайлоодо Байденди колдой турган болду


АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси, республикачы Джон Болтон ноябрда өтүүчү президенттик шайлоолордо Демократиялык партиядан талапкер Джо Байденди колдоону чечти.


“2016-жылы мен Хиллари Клинтон эмес, Трамп үчүн добуш бергем. Бул президентти жакындан көргөндөн кийин, мен аны экинчи жолу колдой албайм”, - деп айтты Болтон The Telegraph басылмасына берген интервьюсунда.


Экс-кеңешчи өз интервьюсун 23-июнда жарык көрө турган “Бул окуя болгон бөлмө: Ак үй мемуары” аттуу китеби боюнча Ак үй менен талаш-тартыштын фонунда берген. Болтондун мемуарында мамлекеттик купуя сырлар бар деген Трамптын Администрациясы китептин чыгышына каршы болууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн