Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарында бир нече мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн саат 09:20 да Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мектепте бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда борбордогу № 33, № 66, "Чыңгыз Айтматов атындагы лицей жана "Илим" билим берүү мекемесинин окуучулары жана мугалимдери эвакуацияланган.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн