Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бообек Ажикеев Сузак районундагы сел катталган жерлерге барды

05.05.2022 20:18
950
Бообек Ажикеев Сузак районундагы сел катталган жерлерге барды

Бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузак районундагы сел катталган жерлерге барды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузак районунда табигый өзгөчө кырдаал катталган аймакка, өзгөчө кырдаалдарды тез арада жоюу жана

 координациялоо жумуштарын жүргүзүүдө.



Мындан сырткары, министр Б.Ажикеев Кызыл-Багыш айылынын жергиликтүү эли менен да жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Кырдаалды жөнгө салууда жана калк коопсуздугун камсыздоодо министрлик тарабынан тиешелүү чаралар колго алынып, жеке көзөмөлүндө турарын белгиледи.


Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу аракеттери министрдин көзөмөлү астында жүрүп жатат. Жарандык коргонуу кызматынан 260 кызматкер, ӨКМден 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын 13 мотопомпанын жардамы менен тазалоодо. 


ӨКМден 12 бирдик, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн