Бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Баткен облусунун табигый кырсыктардан жабыр тарткан Кадамжай шаарынын Орозбек айыл өкмөтүн жана Лейлек районунун айылдарын кыдырууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Май айынын биринчи жана экинчи он күндүгү жаан-чачындуу болуп, өлкөнүн түштүгүндө табигый кырсыктар катталып Жала-Абад, Ош, Баткен облустарынын бир топ айылдарын сел каптаган.
Мындан улам селдин кесепеттерин жоюну, дамбаларды, жээктерди бекемдөө иштерин жеринде көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев иш сапары менен түштүк аймагында.
Буга чейин жаз-жай мезгилдеринде жүрүүчү селдин алдын алуу иштери ӨКМ тарабынан жасалган. Аймактардагы сел өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоо, жээктерди, дамбаларды бекемдөө иштеринин жүргүзүлгөнүнө карабай бир катар айылдарды сел каптаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн