Баш оона 22, 2025
Убакыт: 12:00
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Бообек Ажикеев сел жүргөн Түп районунун жашоочулары менен жолугушту

08.08.2023 16:50
530
Бообек Ажикеев сел жүргөн Түп районунун жашоочулары менен жолугушту


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жүргөн Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарынын жашоочуларынан кабар алып, кесепеттерин жоюу иштеринин аткарылышын көзөмөлдөдү.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында аталган айылдарда "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.

"Бул айылдарда сел суулары жалпысынан 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, эртең менен табигый кырсыктын кесепеттерин жоюга 249 адам тартылган, анын 103ү куткаруучулар. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп иштешүүдө. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды, зыян тарткан үйлөрдү тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн