Баш оона 25, 2025
Убакыт: 02:52
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Боом капчыгайында 4 күн кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

16.05.2024 14:10
433
Боом капчыгайында 4 күн кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт


Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) 20-майдан 24-майга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш түрүшүү иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулуп турат.

Буга байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууну эскертет.

Белгиленгендей, иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн