Таш кулатуу ишине байланыштуу Боомдо унаа жол бир тараптуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-майдан тартып 27-майга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүрөт. Боом капчыгайында саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолдун бир тарабы жабылат.
“Эгер топтолгон унаалардын саны 30-40ка жетсе, таш кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн