Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Борбор Азия өлкө башчыларынын саммитине Россия менен Кытайды чакыруу сунушталды

21.07.2022 13:25
669
Борбор Азия өлкө башчыларынын саммитине Россия менен Кытайды чакыруу сунушталды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларына Россия менен Кытайдын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.

Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда.

"Кытай менен Россияны дагы бул саммитке чакырышыбыз керек. Бул Борбор Азияга пайда гана алып келет, өзгөчө конкреттүү маселелерди кароодо жардамы тиерине ишенем",  — деди казак лидери.

Ошондой эле ал негизи эле бир гана аймактагы өлкөлөр менен чектелбөөнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн