Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Борбор Азияда коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан экинчиде

06.07.2020 17:04
1868
Борбор Азияда коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан экинчиде


Коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Казакстан алдыңкы орунда.


Маалыматка ылайык, Казакстанда коронавируска 48 574 адам чалдыгып, анын 15 907си  оорудан айыкса, 232 бейтап көз жумган.


Кыргызстанда инфекция 7 704 адамдан аныкталып, алардын 2 843ү сакайып, 92 киши каза болгон.


Тажикстанда вирус 6 213 адамдан аныкталып, 4 858и илдеттен айыкса, 53 бейтап каза болгон.


Өзбекстанда илдет 10 143 кишиден аныкталып, 6 584ү оорудан айыкса, 35 бейтап каза болгон.


Ал эми Түркмөнстан коронавирус илдетин жуктургандар жок экенин билдирип, пневмония менен ооругандар бар экенин айтып келет. Бирок ага карабастан өлкөдө бир катар иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, айрым мекемелер карантинге жабылган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жумакадыр
Казахстанда өлүм 0.04 пайыз.Узбекистанда өлүм 0.035 пайыз. Тажикстанда өлүм 0.09 пйыз. А Кыргызстан да даярдыгыбыз жок болгон үчүн 0.13 пайыз өлүм болуп көрүнүп турат.