Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Борбор Азияда волейбол боюнча 2-орунду алган спортчулар Кыргызстанга кайтып келди

25.08.2021 11:59
850
Борбор Азияда волейбол боюнча 2-орунду алган спортчулар Кыргызстанга кайтып келди



23-августта, «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) волейбол боюнча Борбор Азия чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын волейблол боюнча курама команданы тосуп алышты.  Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.


Курама команданы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттике караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын вице-президенттери Жеңишбек Кызалаков жана Игорь Мосягин тосуп алды. 


Нурланбек Исмаилов улуттук курама команданы жеңиши менен куттуктап, келечекте дагы ийгиликтер болуусун каалады. Ошондой эле волейблол боюнча өлкө курамасынын өнүгүүсүнө көңүл бурулуп, мыдан ары да тыгыз иш алып бара тураарын белгиледи. 


Эскерте кетсек, мелдеш 17-23-август күндөрү Фергана шаарында (Өзбекстан) өттү. Волейблол боюнча эркектер курама командасы күмүш медал тагынып, 2-орунду ээледи. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн