Борбор Азиядагы Америка унивестетинин президенти Эндрю Качинс отставкасын тапшырып, Кыргызстандан чыгып кетет. Бул тууралуу "Кактус.медиа" билдирди.
Маалым болгондой, Качинс университеттин бүтүрүүчүлөрүнө жазган кайрылуусунда кызматтан кетери тууралуу айткан.
"Мен жана менин үй-бүлөм үчүн бул чечимди кабыл алуу абдан оор болду. Бирок менен АУЦАны жогорку деңгээлге чыгарайын деген жакшы ниетим болгон. Менин үй-бүлөмдө болгон окуялар менин бул жерден кетишимди тездетти. Ошондой эле Кыргызстандагы юридикалык иш-чаралар менин кетишиме себеп болду",- деп жазган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн