Жугуштуу ооруларды жана коронавирусту алдын алуу максатында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери ири базарларды дезинфекциялады.
Маалыматка ылайык, “Дордой”, “Чынар” жана “Чолпон” кичи
базарларында, ошондой эле колбаса азыктарын өндүргөн “Акбаров”, “Штайнброй” ишканларында
санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле кошумча дезинфекциялоо “Аламүдүн”, “Орто-Сай”
жана “Ош” базарынын эт азыктарын саткан орундарында ишке ашты.
Мындан сырткары, кытай ашканаларынын 29 коомдук тамактануучу жайларында профилактика иштери жүргүзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн