Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Борбор калаанын башчылыгына Кубанычбек Конгантиев татыктуу кадр

12.08.2021 13:13
1409
Борбор калаанын башчылыгына Кубанычбек Конгантиев татыктуу кадр

Бүгүн, 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэрлик кызматты тапшырып жатканын айтып кайрылуу жасады. Өз кайрылуусунда Сарыбашов бул кадам жеке өзүнүн чечими экенин белгилеп, ага бул кызматка келишине ишеним көрсөткөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Мындан ары да Кыргызстанга жана кыргыз элине кызмат кыларын убадалады.


Ошентип, Таалайбек Сарыбашов 10 күндүк мэрлик кызматтан кийин борбор калаанын башчылыгын таштап кетти.


Мындан ары борбор калааны ким башкарат, Бишкектин чарбалык жана коомдук абалын жакшы түшүнгөн кадр ким деген суроого көпчүлүк жооп издөөдө.


Жогорку суроонун жообуна татыктуулардын бири Бишкек шаардык кеңешинин өткөн жана азыркы чакырылышынын депутаты Кубанычбек Конгантиев.


Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинде депутат катары өзүн мыкты көрсөтүп, 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен шайланып келди. Жаңы шаардык кеңештин депутаттары Конгантиевдин потенциалын, билимин жана шаарда иштөө тажрыйбасын эске алып, бир добуштан шаардык кеңештин төрагасы кылып шайлап алды.


Эми төрагалыктан ээсиз калган Бишкекти жетектей турган мезгил келгендей. Дегенимдин себеби, Кубанычбек Конгантиев шаардык кеңеште иштеп шаардыктардын жана шаардын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун жакшы билет. Маселелерди чечүү үчүн анын билими, тажрыйбасы, потенциалы жана амбициясы жетиштүү. Жалаң гана маселе чечүү эмес Бишкекти жогорку даражага чыгарууга да конкреттүү пландары бар экени шексиз.


Кеңеш Жороев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн