Бугу 09, 2024
Убакыт: 00:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Борбор калаанын заманбап транспорт системасынын долбоору сунушталды (ВИДЕО)

22.12.2020 17:07
1585
Борбор калаанын заманбап транспорт системасынын долбоору сунушталды (ВИДЕО)

21-декабрда Транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов "Бишкек монорельстүү транспорт системасы" долбоорунун бет ачарын өткөрдү.


Анын айтымында, долбоор шаардык транспорттун сапатын жана туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.


Вице-мэр мындай тутумдун артыкчылыгы анын жүк көтөрүмдүүлүгү, айлана-чөйрөгө ыңгайлуулугу,  интеграциясы, көчөлөрдөн түшүрүүлөрү жана коопсуз кыймылы экендигин белгиледи.


Ал кошумчалагандай, монорельстин курулушу Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой пландаштырылып жатат. Ошондуктан монорельстин тирөөчтөрүн орнотууда тоскоолдуктар жаралбайт.

Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 37 км, 32 бекет, 2 линия, жүк ташуу сыйымдуулугу 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин, монорельстин бийиктиги 5-7 метрди түзөт.


Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруу пландаштырылууда.


"Долбоор кымбат жана узак мөөнөттүү экендигин түшүнөбүз, бирок алдыга умтулуп, заманбап келечекке интеграциялаш керек", - деди вице-мэр.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Акылбек Ташбулатов
Токтогул кочосуно ушундай монорельстүү транспорт коюга тосколдук жок. Койсо болот. Мындай долборго Кыргызстандыктар өзү инвестор болуп, акцияларын сатып алышы мумкун
Акжол
Абдан сонун долбоор экен борборубуз Бишкек шаарында курулса аябай жакшы болмок жаңыланууга убакыт келди мындай долбоорду колдоо керек
Марки Динов
курулса жакшы болот
Дамир Касымов
Ассаламу алейкум мекендештер бул долбоор жакты мага колдойм, аракет кылып куруп башташ керек, Кудайым берет нээтти туура жана кенен коюш керек.Кудайдын кулагында, пенденин оозунда.аракетке берекет, биз өнүгүшүбүз керек. ИнншАллах